Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз кинематографиясын мамлекеттик колдоого байланышкан мыйзамга кол койду. Ага ылайык, фильмдин продюсеринин милдеттери жана жоопкерчилиги сыңары бир катар маселелер такталган. Ошондой эле бул мыйзамга ылайык, тасманын концепциясы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкка үгүттөбөшү керек. Мындан тышкары, фильмге порнографиялык мазмундагы сценаларды киргизүүгө жол берилбейт.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ