Премьер-министр Сапар Исаков маданият жана искусство ишмерлерине Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын тапшырды. Өкмөт башчы өз сөзүндө Кыргызстанды чыгармачылыгы аркылуу дүйнө жүзүнө даңазалаган белгилүү маданият жана искусство ишмерлерине сыйлык тапшыруудагы терең сыймыктануу сезимин белгиледи. Алардын катарында «Курманжан датка» тарыхый көркөм фильминде Курманжан датканын ролун аткаргандыгы үчүн Элина Абай кызы аталган сыйлыктын ээси болду.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ