Menu

Тажикстан Кытайдын жардамы менен жаңы алюминий заводун салат

Бөлүшүү:

Тажикстанда тажик-кытай биргелешкен алюминий ишканасы салынат. Бул тууралуу ТАЛКО компаниясынын маалымат-аналитикалык департаментинин жетекчиси Игорь Саттаров билдирди. Курулуш иштерине байланыштуу алюминий заводу эки жылга ишин токтотот.

Саттаровдун айтымында, жаңы завод салуу боюнча Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды.

Маалыматтарга караганда, жаңы алюминий заводунун кубаттуулугу жылына 503 миң тоннаны түзөт. Анын түзүмүнө куйма жана анод өндүрүшү дагы кирет.

Курулуштун наркы 1,6 миллиард доллар деп бааланууда. Ал болжол менен бир жыл сегиз ай аралыгында салынып бүтөт. “Тараптар канча акча салышарын айта албайм. Бул – коммерциялык сыр”, – деди Игорь Саттаров. Анын айтымында, жаңы завод курулса, 1,1 миң киши иш менен камсыздалат.

Мамлекеттик “Тажик алюминий компаниясы” (TALCO) Тажик алюминий заводунун ишин улантуучу ишкана катары 2007-жылы катталган. Завод Тажикстандагы негизги экспорттук өндүрүүчү болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: