Menu

Тажик абитуриенттерине улут лидери тууралуу эссе жазуу сунушталат

Бөлүшүү:

Тажикстандин Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку окуу жайларга тапшырчу абитуриенттер үчүн сунуштала турган эссе темаларын бекитти. 60ка жакын теманын арасында «Улут лидери – улут коргоочусу» жана «Биз -Улут лидеринин ишин улантуучуларбыз» деген эркин темалар бар.

Быйылкы жылдан тарта Тажикстандагы бардык абитуриенттер кайсыл тилде билим алганына карабастан тажик тилинде эссе жазышат. Аларга мектеп программасындагы тажик адабияты боюнча темалардан тышкары эркин темалар дагы сунушталат.

Мамлекеттик тилде эссе жазуу сунушун өлкө президенти Эмомали Рахмон 2015-жылы сентябрда, Куляб мамлекеттик университетиндеги Билим күнүнө арналган иш-чара маалында айткан.

Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келет. 2015-жылы тажик парламенти аны «Тынчтыктын жана улуттук биримдүүлүктүн негиздөөчүсү – Улут көсөмү» деп атоого жол берген мыйзамды жактырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: