Кыргыз мамлекетинде жашап, ушул мамлекеттин министри болуп туруп Кыргыз тилин билбестик, бул өлкөнү сыйлабастык. Өткөндө бир министр мамлекеттин акчасына кыргыз тилин үйрөнөм деп чуу салды эле. Эми болсо кезегинде Кыргыз тилин уруп ойногусу келбей, кайрылгандарга «мага орусча айтыңыз» деп дөөгүрсүгөн дагы бир министрдин кызыгын эшиттик. Тагыраагы, Адилет министри Уран Ахмедовдун кыргыз тилин үйрөнүп жатканы боюнча кабарыбыз бар. Ахмедов кыргыз тилин үйрөнүүнү эми баштаганы кызык. Баягы эл ичинде айтыла жүргөндөй, чоңоюп эми мындан ары төө болмок беле дегендей эми үйрөнгөнүнүн кандай кажети бар? Же экономика министри Новиковдун бюджеттин акчасына тил үйрөнгөнүн угуп алып, акчаны адалдоого кылган аракетиби?
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ