Menu

Саясий ажырымбы?: Тандоо Жээнбековдо…

Бөлүшүү:

Азыркы кезде интернет айдыңында же гезит беттеринде болсун, деги эле коомчулукта элди – Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда тирешүү башталдыбы? – деген суроо кызыктырып турган учур. Арийне, жообу деле анчейин жашыруун эмес: тиреши башталганы башталган, бирок, натыйжасын күтүү керек.

Адегенде, биринчи суроого жооп издесек, кайрадан: “Дал ошол натыйжаны күткөнгө, натыйжалуу иш жүргүзгөнгө Жээнбековдун саясий эрки жетеби?” деген суроо пайда болууда. Ошондой эле:  “Тарапташтары, Ажобузду колдоп аягына чейин туруп береби?” деген суроону да бербеске арга жок.  Кептин баары мына ушул суроолорго жооптордун кайтарылышында.

Шайлоо өттү, Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланды. Эл арасында: “Апрель төңкөрүшүнө, ал күндөрдөгү кандын төгүлүүсүнө, түштүктөгү кандуу окуяларга аралашпаган Сооронбай  Жээнбеков, буюрса, өз алдынча саясат жүргүзүп, өлкөнү алдыга жылдырууга умтулат” деген сөздөр кеңири айтылып, жайыла баштаган. Аны экс-президент Атамбаевдин тарапташтары угуп да, көрүп да жаткандыр. Ошондуктан,  президентке каршы ар кандай провокациялар (чагымдар) жана интригалар (кутум уюштуруулар) болушу мүмкүн деп эсептейм.

Анткени, Кыргызстанды Кытайга көз каранды кылып, кыска мөөнөттөгү олчойгон пайыз менен 2 жарым миллиард долларга карыз кылган Атамбаев үчүн бийликтен ажырап калуу, мындайча айтканда, “чалгы менен бир жерин шылып таштагандай” эле болот. Ал болгон мүлкүнөн ажырап, соттолуп кетиши мүмкүн. Ошол себептүү Жээнбековго Атамбаев өз таасирин күчөтүү максатын токтотпойт. Көпчүлүк Атамбаевдин криминалдык бийлигинен тажагандыгынан, күндүн жылыганын эле күтүп калган кезде, элдин пикирин эске алуу абзел. Мисалы, Президенттин Аппарат жетекчиси Фарид Ниязов “өз ыктыярым менен кызматтан кетем” деп, арызын жазып Жээнбековго кирсе, анын отставкасын кабыл албай койгону кыргызстандыктарды кызык маанайга калтырды. Бирок, Жээнбековдун отставканы  кабыл албаганынын себеби бар: биринчиден, Фарид Ниязов менен Сооронбай Жээнбеков партиялаштар. Экинчиден, КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген дагы Фарид Ниязов. Үчүнчүдөн, Фарид Ниязов биринчи декабрда Президент Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп бекитилген.

Сооронбай Жээнбеков КСДПнын мүчөсү, ал эми Фарид Ниязов болсо, ал партиянын лидеринин биринчи орун басары. Ошондуктан, Ниязовдун отставкага кетүү тууралуу арызы – саясий оюн болуп калды, албетте, муну Жээнбеков түшүнүп, арызга кол койгон эмес. Эми мындан ары оюн кандай уланат, алдыда көрө жатабыз.

Фарид Ниязов акыры-соңу жакын арада кызматынан кетет, бирок, саясий тирешүүдө “С.Жээнбеков Атамбаевдин кесипкөй кадрларысыз, иш алып бара албайт” деген ойду Ниязовдун командасы маалыматтык тирешүү аркылуу “жылдырышы” мүмкүн. Бирок, эл буга ишенеби?

Айтмакчы, азыркы кезде Кыргызстан мурдагы эки экс-президенттердин убагында пайда болуп, колдонулган үй-бүлөлүк жана жалаң гана “элпек -подхалимдердин” жардамы менен жүргүзүлгөн башкаруу – үй-бүлөлүк, криминалдык, элпек-подхалимдердин жана мародёрлор менен зөөкүрлөрдүн заманы болуп калган. Ошондуктан С.Жээнбеков ар бир чечимин «жети өлчөп, бир кесиши абзел». Азырынча, түшүнгөн адамга, ал ар бир чечимин өлчөп-бычып атат…

Чындыгында, Фарид Ниязовдун кызматтан кетүүсү эч нерсени чечпейт. Системанын ичинде Атамбаев курган өзгөчө системаны биринчи жок кылып, андан кийин эксперт жана эксперт-сөрөйлөр айткан мамлекет башкаруудагы калыптанып калган системаны жоймоюнча мамлекетибиз оңолбойт.

Сооронбай Жээнбеков Атамбаевден эң эле акыбалы начар, карызга белчесине чейин баткан мамлекеттик башкарууну “мураска” алып калды. Жогорку Кеңешке коңшу мамлекеттердин жарандары депутаттыкка келип, министрликтерди Атамбаевдин буйруктарын аткарып, ойлонуп, өз баштарын пайдалана албаган көптөгөн аткаминерлер ээлеген өлкөгө Сооронбай Жээнбеков президент болуп олтурат. Ошондуктан, башкарууну туура нукка салууга аздыр-көптүр болсо да, убакыт керек.

Фарид Ниязов болсо, бийликтен кеткен күндө дагы саясаттан кетпейт. Атамбаев: “Сооронбай Жээнбеков биз тандаган ыктан (курстан) чыкпайт. Ал бир нуктан чыкса, мен кантип бийликти алмаштыруунун жолун билем” деп айткан эле. Ошондуктан, Атамбаев бийликке кайра келип, президенттик тактыга олтурганга аракет кылат. Ал турулуу көрүнүш.

Кайрадан элди “Форумга” чакырып, ошол жерге курал топтоп, психотроптук заттарды ошол жерде суусундуктарга куюштуруп отурушу мүмкүн. Бирок, андай итчилик элдин башынан өткөн. Дагы бир эске салчу нерсе, Атамбаевден айлык алып, аны даңазалап, “эмне болсо да коргойбуз” деген коомдук уюмдарга эл ишенбей калган, ошондуктан, Кыргызстанды алдыга алып чыгуу үчүн Жээнбековго аванс катары берилген бийликти туура пайдаланса, эл колдой турганы шексиз.

Фарид Ниязов, мен жогоруда белгилегендей, кызматтан кетет. Бирок, жумушсуз калбайт. Саясий тирешүү оюнунун экинчи бөлүгү башталат. Профессионал журналист болгон соң, Фарид азыркы маалымат майданындагы беделдүү басылмалар, маалымдоо каражаттары менен журналисттерди өз тарабына имергенге аракет кылышы мүмкүн.

Маалыматтык тирешүү саясий тирешүү менен кошо эле башталган. Сооронбай Жээнбековдун Ф.Ниязовдун арызына кол койбогону, алмаштыруулар жана чоң өзгөрүүлөр боло турганын айгинелеп турат.

Атамбаевдин тегерегинде жүргөн аткаминерлердин тажрыйбалууларын шарт жоготпой, аларды талдап чыгуу зарыл. Ал эми мамлекеттик ишкана, ведомстволорду жетектеп турган жаштарды паспортторун алмаштырып, жаштарын чоңойтуп берсе да, алардын кесипкөйлүктөрүнө жардам бере албаган соң, орто звеного алып барып, башкарууну үйрөтүү керек.

Дагы бир “Аларга убакыт берели, оңолсун” дебестен,  Кыргызстанда коррупциянын сазына матырылып калган аткаминерлерди жоопко тартып, алардан кутулуш керек. Ошондо гана күч алган коррупциялык көрүнүштөр бир аз азаят.  Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент койгон милдеттерди аткарууну талап кылуу керек. Анын аткарылышын көзөмөлдөө керек. Аны мамлекеттик команда башкарат.

Ошондуктан, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей турган тарапташтарды бир команда кылып, иштөөгө киришүү зарыл. Президент Сооронбай Жээнбеков түштүктөгү орчундуу көйгөйлөрдү жакындан билет. Ал проблемалардын чечилишине кайдыгерлик менен мамиле жасабайт. Баарынан мурда аны аткаруу үчүн: “Маселенин баарын Атамбаев өзү жана анын жакындары чечишет” деген кептерди айттырбоо аракетин кылуу керек.

Кыскасы, кызык иштер алдыда. Эл дагы эле С.Жээнбековго ишенип, “мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн иштер жүргүзүлөт” деп үмүт кылып турат. “Сооронбай Жээнбеков жакын арада баш-оту менен Атамбаевге толугу менен баш ийип берет да, эл чыгып, аны Атамбаев менен кошо кууйт” деген ой да  пайда болуп келе жатат. Мен бир белгилүү гезиттин кабарчысына: “Жээнбековго тарых өзү шарт түзүп берип, сыноодон  өткөрүп, сыноонун жыйынтыгында: Жээнбеков тарыхта акыл-эстүү, таза адамдарды жандап, аларга ишенип саясат жүргүзөбү, эл үчүн иш кылган башчы болуп же канкор АШАнын буйруктарын аткарган бечара президент катары калабы?” деп собол кылсам, ал менин оюма кошулду.

Демек, тандоо Жээнбековдун өзүндө…

Ырысбек ӨМҮРЗАКОВ

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: