Menu

“Дордой” менен “Хоргостун” таймашыбы?

Бөлүшүү:

Казакстандын Караганды шаарында Кыргызстандан өндүрүлгөн кийимден уулуу формальде­гид заты табылганын бир катар казак маалымат булактары жазып чыгышты. Ошол эле учурда «формальдегид нормадан ашык» экени айтылган кийим-кече «Кыргызстанда жасалган» деген ат менен башка өлкөдө тигилиши мүмкүн, мунун артында саясат жатышы ыктымалдыгы боюнча пикирлер айтылууда. Соода жана өнөр жай палатасынын Текстиль комитетинин төрагасы Амир Закиров «муну эксперттер көрүш керек, албетте, иликтөө жүргүзүлүшү керек. Азыр көптөр товарды Кытайдан өндүрүп, аны Орусиянын жана Казакстандын базарларында Кыргызстандын атынан сатып жатышат. Казакстан кытай-казак чек арасында «Хоргос» базарын ачышкан. Алар көптөн бери эле ошол базарды жарнамалап, бизге акысыз орун сунуштап келишет. «Хоргос» базарында Кытайдан келген сапатсыз кийимдер сатылат. Алматыдагы ишкерлер жакын болсо да ал базарга барбастан, «Дордойго» келип товар алышат. Балким бул «Дордойго» тиешелүү кара пиар болушу мүмкүн» деп белгиледи.

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: