Menu

Алмазбек Акматалиев, Нарын облусунун мурдагы губернатору: “Бүгүнкү Жогорку Кеңеш дагы деле демилгесиз, коркок, «уялчаак» парламент болуп…”

Бөлүшүү:

Рубрика төрүнө бул сапар Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду чыгардык. Кесиптештери тарабынан спикердин ишмердүүлүгүнө кескин сындар айтылып, “парламенттин төрагалык даражасына чоң шек жаратты” деген өңдүү пикирлердин күчөшү эмнени түшүндүрөт? Парламенттин депутаттарына алдына иш козголуп, арты сот тарабынан мандатынан ажырап, айрымдары камакка алынышууда. Мындай шартта төрага Жумабеков эл өкүлдөрүнүн таламын талашып, укугун коргой алдыбы? Дегеле анын ишмердүүлүгүн коомчулук өкүлдөрү кандай талдоого алышат? Мындай соболдорубузду эл көзүндөгү инсандарга жолдоп көрдүк.

 — Маселе депутаттарды сот жоопкерчилигинен коргоп калууда эмес. Албетте, айдан-ачык көрүнүп турган, саясый өңүттөгү иштер боюнча жеке спикер эле эмес, бүтүндөй Жогорку Кеңеш деле так жана принципиалдуу позициясын айта албаганы өтө өкүнүчтүү. Бул маселеде көп нерсе спикердин көз карашына байланган. Дастан эң бир жаш жана өзүнүн бекем позициясын ачык жарыялап келген депутат катары белгилүү. Ал ошол имиджин бузбаш керек. Себеби, саясый келечеги алдыда. Анан да, башка кээ бир булганып алган депутаттардан айырмаланып, анын корко турган, тартына турган иши деле жок. Спикер формалдуу төрага болуп отура берсе деле болот. Бирок, бүгүнкү күндө парламентке формалдуу төрага эмес, чыныгы лидер керек болуп жатат. Бүгүнкү Жогорку Кеңеш дагы деле демилгесиз, коркок, «уялчаак» парламент болуп, элдин эсинде калбашы керек. Коом да парламенттен чечкиндүү реформаларды, так позицияны күтүп жатат. Чыныгы парламентаризм идеясын бул чакырылыштагы парламент же ишке ашырат же биротоло өлтүрөт. Маселе ушунда…

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: