Menu

Кеменгер кеп: Тиши өтпөгөндөрдү адамдар көзү менен, сөзү менен жешет

Бөлүшүү:

Адам көз карашын өзгөртсө эле жашоосун да өзгөртө алат.

(Вильям Джеймс)

Эгер сен жек көрө баштасаң, демек, жеңилген экенсиң.

(Конфуций)

Бул дүйнөдө бизди бай кылган – биз алган эмес, биз берген нерселер.

(Генри Бичер)

Азыркы күндө адамдар баардык нерсенин баасын билишет, бирок, эч нерсени баалай алышпайт.

(Оскар Уайльд)

Шамалга каршы бас… адамдар түкүрүшсө да сенин артыңа түкүрүшсүн.

(Хань Сян-цзы)

Жалгыз учурда өзүңдү кандай эркин сезсең, аны менен да өзүңдү ошондой эле эркин сезген адамды таба алсаң, аны абадай аздектеп баала.

(Хэнк Mуди)

Күн сайын жарым саат убактыңды кайгы-капаңа бөл, анан ал жарым саатты чырым этип алганга жумша.

(Янина Ипохорская)

Эсиңерде болсун. Силерди сүйгөндөр менен жек көргөндөр гана унутушпайт.

(Аневито Кем)

Адам бактылуу кезде төшөктөн турган кандай жеңил!

(Джим Керри)

Сенин турмушуңда сени менен сен жөнүндө сүйлөшкөн кишилер көп болдубу?

(Харуки Мураками)

Сенин колуңда алты конфетиң бар дейли. Мен ошонун бирөөнү сурасам, сенде канчоо калат?

– Алтоо.

(Белгисиз автор)

Эч нерсени далилдештин кереги жок: сулуулук көрүнүп, акыл угулуп, адамгерчилик сезилип турат.

(Сергей Бодров)

Мен дайыма кыялданам, ок келип денеме кадалмайынча кыялдана берем.

(Эрнесто Че Гаварра)

Чынчыл болгондо көп дос таба албайсың, бирок, тапкан досторуң чыныгы достор.

(Джон Леннон)

Өтө көп нерсени убада кылган киши сөзсүз сатып кетет.

(Аль Капоне)

Өтмүш деген өтмүш. Ал кандай болгон күндө деле кайра кайрылып келбейт.

(Том Харди)

Өзүн билген киши “башкалар мен жөнүндө эмне айтып ийет” деп коркпойт.

(Имам Шафии)

Тиши өтпөгөндөрдү адамдар көзү менен, сөзү менен жешет.

(Чечен макалы)

Бирөөгө жакшылык кыла ала турган мүмкүнчүлүгүңөрдү дегеле бекер кетире көрбөгүлө.

(Марк Твен)

“Болдучу” деп тыйганга чейин сүйлөгөнгө караганда, “бирдеке деп койчу” деп суранышканга чейин унчукпай отурган жакшы.

(Чыгыш накылы)

“Эсептебей эле койгула. Мен эми тура албайм”

(Боксёрдун мүрзөсүндөгү жазуудан)

Көздөрүн көрмөйүнчө сөздөрүнө таарынбай эле койгула.

(Араб макалы)

Бу дүйнөдө сынчылар толтура. Ал эми досуң болсо сен кандай болсоң, ошондой кабыл алыш үчүн жаралган.

(Антуан де Сент–Экзюпери)

Жакшы иштердин улуту болбойт.

(Майк Тайсон)

Жөнөкөй бойдон кал – ошондо улуу болосуң. Шашылбай бас – ошондо бат жетесиң. Куру убаракерчиликтен арыл – ошондо улуу максаттарың ишке ашат. Терең жолго түш – ошондо жолуң арбыйт.

(Миларепа)

Чабал киши күчтүү боло алат, бирок, жалкоо эч качан күчтүү боло албайт.

(Петр Квятковский)

Мамат САБЫРОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: