Журналист Элнура Кулуева өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу 24-январда Чубак ажыга: “Спирт ичимдиктерине улуттук баалуулуктардын бири болгон Манастын атын коюп жатышат, муну сиз кандай кабыл аласыз?” деген суроо менен кайрылганда, ошол замат Чубак ажы жообун бере салган:
“Бүгүн Жума күнү болгондуктан, Жума баянга даярдануу негизги иш болот… Маселеге келсек, Манас атабыз биздин улуттук өзөгүбүз, оозеки тарыхыбыз, маданиятыбыз, салт-санаабыз… Манасты майда-чүйдөгө аралаштырбай, касиетин бийик коюп, аруу тутуу баарыбыздын улуттук милдетибиз. Ар бир кыргыз улут катары сакталып калгандыгына шүгүрчүлүк келтире турган болсо, адегенде улук Кудайга шүгүрчүлүк келтирип, себепчи болгон Манаска карыздар экенибизди унутпашыбыз керек. Аты жаман арам сууга эмес, дегеле тамак-ашка, сууларга, кафе-ресторандарга коюлуусуна каршымын.. Улуттук көрөңгөнү сактаган, барктаган жерлерге, мекемелерге аты коюлса, жакшы болоор эле, аттиң… Ал эми арак боюнча айтсам, таптакыр эле чыгарбай эле койсо, аты эле эмес, заты да жок болсо дегенде, эки көзүм төрт…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ