“Кыргызстан” партиясынын “аткаруучу” лидери Канат Исаев келерки жылдагы президенттик шайлоого катыша тургандыгын айтып, “партиялаштарым колдосо” деген сылык-сыпаа шылтоосун кошуп койгонун уктук. Демек ал азырынча партиясына ишенип өзүн сынамакчы болуп турат. Бирок кашайып ал баштаган партия бүгүн өзүн көрсөтүп, элге ишеним жарата албай турганы, берген убадалары аткарылбай, завод-фабрикалар иштеп, жумушсуздарга жумуш орун түзүлбөй, бир эмес, үч эм төрөгөн келиндерге 50 миң сомду кой, эки миң сомдук сүйүнчү пул берилбей турганын кайда катабыз? Жок дегенде Канат Исаевдин өкмөткө барган партиялаштарынын иши көзгө көрүнгөн жок. Андыктан ал эмнеге ишенип жатканын болжоп болбойт. Же кашайып, көзү ачык болумуштардын “кийинки президент сарыбагыштан болот” дегенине ишенип делөөрүп алганбы?
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ