Menu

Видео – Россиядан келип “Семетей” обсервациясында жаткандар дарыгерди ичке муштап, коргоочу костюмдарын айрып, таш ыргытышкан

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-майда Россиянын Соль-Илецк шаарынан келип, “Семетей” обсервациясында жаткан жарандар такталбаган маалыматтарга ишенип, жаңжал чыгарышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кээ бир жарандар дарыгерлерге кол салып, “тез жардам” унаасын оодарууга аракет кылышкан.

Ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов журналисттерге билдиргендей, “Семетей” обсервациясындагы дарыгер тарабынан Улуттук фтизиатрия борборуна бейтаптарды жаткыруу үчүн “тез жардам” чакырылган. “Тез жардам” кызматынын кызматкерлери унаа менен обсервациянын аймагына киргенде, аларды жаңжал чыгарып жаткан эл тегеректеп калган. Биринчиден, алар бейтаптарды унаага отургузууга мүмкүнчүлүк беришкен жок, экинчиден, алар “тез жардам” кызматынын бригадасы менен чатакташа башташкан.

“Мен фельдшерден дарыгерлер өздөрү ал адамдарга орой мамиле кылган жокпу деп сурадым. Ал жок деди. Анын айтымында, чогулган адамдар унааны курчап алышып, айдоочуну жулкулда башташкан, андан кийин фельдшерди жулмалап, оорулууларды түртүп жиберишкен. Дарыгер кийип жүргөн коргоочу костюмун айрышкан. Тез жардам унаасынын айдоочусун бир нече жолу курсакка да урушкан. Андан кийин алар унаага бекинип алышкан.  Чогулгандар унааны терметип, оодарууга аракет кылышкан. Милиция кызматкерлери жаңжал чыгарган элди, анын ичинде “Гансиде”  жашагандар дагы четке сүрүп чыгарышкан. “Тез жардам” унаасы оодарылганда, унаага таш ыргытылган” – дейт Искендер Шаяхметов.

Натыйжада унаанын айнеги жарылып, кузову мырыйып калган. Бул тууралуу кызматкерлер күзөтчү дарыгерге айтышкан, ал өз кезегинде башкы дарыгерге маалымдаган. Башкы дарыгер Искендер Шаяхметов кызматкерлерде кошумча коргочуу кийимдер бар-жоктугун тактаганда, аларда костюмдар бар болгон. Бригада бейтаптарды алып кетүү боюнча чечим кабыл алышат. Саламаттыкты сактоо министрлиги унааларды министрликтин өкүлдөрү милиция кызматкерлери менен келгенге чейин кармап турууну суранган.

“Баары тынчыганга чейин, дарыгерлер командас дээрлик 6 саат бою иштей албай турушту. 3 бейтап ооруканага жаткырылды. “Тез жардам” унаасынын айдоочусу ооруканага жөнөтүлүп, ичинен жаракат алганы аныкталды. Бактыга жараша, ички органдары жабыркаган эмес. Бул жерде медкызматкерлердин кандай тиешеси бар? Түшүнбөй турам”, – дейт Искендер Шаяхметов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: