Menu

Оскар-2018: “Суунун калыбы” мыкты фильм аталды

Бөлүшүү:

“Суунун калыбы” фильми “Мыкты тасма” багытында “Оскар” сыйлыгын алды. Анын тарткан Гильермо Дель Торо “Мыкты режиссер” деп табылды.

Тасмада жашыруун аскер лабораторияда тазалоочу болуп иштеген дудук аялдын сүйүүсү баяндалат.

Америка киноакадемиясынын “Оскар” киносыйлыгынын быйылкы жеңүүчүлөрүн сыйлоо 4-мартта Лос-Анжелестеги “Долби” театрында өттү.

“Мыкты актриса” деп Фрэнсис МакДорманд табылды. Ал «Эббинг четинде үч билборд, Миссури» фильминдеги ролу үчүн сыйланды.

“Мыкты актер” наамын “Кыйын кезең” фильминдеги ролу үчүн Гарри Олдман жеңди.

“Оскар” тапшыруу аземи ушуну менен токсонунчу жолу уюштурулууда. Анда 2017-жылы чыккан тасмалар боюнча мыктылар аныкталды.

Тандоо жараяны былтыр ноябрда башталып, быйыл 28-февралда аяктаган.

Кино тармагындагы эң абройлуу делген “Оскар” сыйлыгын жыл сайын АКШнын кинематография, искусство жана илим академиясы ыйгарат. Сыйлык 1929-жылы негизделген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: