Кыргызстандын Казакстандагы элчиси жакында дайындалат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйыныда тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын Казакстандагы элчисинин кызматына талапкерлер каралып, президент менен макулдашуу жүрүп жатат. “Жакын арада элчи дайындалат” деди Д.Кемелова.
Кыргызстандын Казакстандагы элчиси эки жылдан бери дайындала элек. Акыркы жолу 2016-жылы Эсенгул Өмүралиев элчиликти тапшырып берген соң кыргыз бийлиги бул өлкөгө элчи дайындабай келген.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ