Menu

Илим Карыпбеков Садык – Шер айткан кара жашиктеги берүүгө алы келбесе да…

Бөлүшүү:

Кыргыз тилинин өркүндөп – өсүшү үчүн ар тараптуу иш жүргөнү калды окшойт. Боо­су бек болсун. Тилдин өнүгүшү үчүн жалпы коомчулук кызыкдар болуп, кол кабыш кылуусу зарыл. Кыргыз тили мамлекеттик тил болгонуна чейрек кылымдан ашса да, мамлекеттик деген деңгээлде боло алган жок. Аны чечмелебесе деле жалпыга белгилүү. Өлкөбүздүн күзгүсү болгон КТР, кыргыз тили боюнча берүүлөрдү эч жаңылыштыгы жок чагылдыруусу шарт. Эгерде КТР жакшы, так иштесе, башка каналдар да­гы жакшы иштей башташы турулуу иш. Тилекке каршы, КТРдин кээ бир берүүлөрү «төөчө аркасынан ушатып жатат». “Салам Кыргызстан” деген берүүнүн алпаруучулары кимдер? Сөздүн маанисин билишеби, эгер билсе маскарапоздорбу? Сөзүм кур болбос үчүн далилге таянайын. Жакында Чыпалак баатыр дегенди чакырышыптыр. Аябай кыжырдануу менен эптеп аягына чейин чыдап көрдүм. Байкуш баладан жараткан кара күчтү аябаптыр, чыпалагы менен көп нерселерди көрсөтө турган. Ошондо эле баатыр болуп калабы?.. Андан да “Жыйырма биринчи кылымдын, Кожомкулдай баатыры болом. 150кг жүктү өйдөнү көздөй көтөрүп бир нече метр басам” – дейт. Анда алып баруучулар саратандагы аттардай башын ийкегилеп отурушат. “Мени бир тамада Чыпалак баатыр” – деген деп компоюп коет. Аныкы туура, дегеле денесинде күчү бардын баары табиятынан ала көөдөк, шылдыңдаса да сүйүнгөн инсандар болот эмеспи. Эмне аткаруучулар «баатыр менен балбан» деген сөздөрдүн маа­нисин ажырата билсе, маскарапоз болбосо, сен Чыпалак баатыр эмес, Чыпалак балбансың. Кожомкул дагы балбан болгон деп айтышпайбы? Кошулуп алышып баатырлабай. Алып баруучулар боз үй тигип жатып бурчун карма дейт. Атка көрпөчө жумшак болуш үчүн, анан жерден бир нерсе эңгенде бутту кармап туруш үчүн салынат дейт. Мындай сөздөрдү уккан орус, кытай ж.б. улуттардын кыргыз изилдөөчүлөрү эмнеси менен гана күлбөйт. Кыргыз тили менен катар, илгерки кыргыздын маданиятын дагы көтөрүүгө убакыт келди. «Арстанбектин алп саптар» деген тасманы тарткан режиссер ким болду экен? Деги кыргыз улуту жөнүндө түшүнүгү барбы? Эл эшикте көйнөкчөн оюн-күлкү салып жүрсө, тасмасындагы бай – манаптарга, суусар тебетей, бөрү ичикти жалаң көйнөктүн үстүнөн кийгизип койгону кыргыз элин кимдердин алдында шылдыңдоосу. Казандан этти жапайы адамдарча жыгач шиш менен көтөртүп, колу менен чыгартып коюптур. Кыргыз аткуур, депкир деген ашкана буюмдарын колдоноорун билбеген «кир­гиз» окшобойбу. Төрдө отурган кыргыз качан ичик, чепкен менен эт жечү эле? «Караш – караш» кино тасмасындагы эт жегенди көрүп калса керек, намысы жок байкуш. Ал кезде орустардын айтканы менен кино тартылып, кыргызды жапайы сыяктуу көргөзүү саясаты өкүм сүргөн учур болчу. Азыр өзүбүздү- өзүбүз көтөрүүгө шарт түзүлгөн. Эркиндик гүл багындагы сүрөттөрдү кыдырып карап, кандай жакшы эмгектерге күбө болосуң. Керилген кыр­гыз жайлоолору абдан жак­шы тартылган, бирок боз үйдүн эшигин ой келди жактан чыгарып койгондор бар. Эши­гин оңдоп койсоң болгудай десем, автору эмнени түшүнөсүң дейт. Экөөбүздүн ортобузда талаш – тартыш болуп, көп киши чогулуп калышты. Иним мен сенин үйүңө жата конок болуп келдим. Мага сүрөттөгү үйүңө кутту же кыбыланы баштантып төшөк салып бер дедим. Анан туура, рахмат маани бербепмин деп мойнуна алган эле.

Ушундайларды карап коюуга Маданият министрлигинен же Тил комиссиясынан мекенчил инсан чыгаар бекен? Көп эле өкмөттүк бөлүм бар, ушуларды ким карайт болду экен? Айтып отурса арман көп. Урматтуу окурман, кемчиликтерди мен айтпасам, сен айтпасаң, ким айтат? Ошондуктан жалпы кыргыз тилин, кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө салымыбызды кошолу. Артыкча теле берүүдөгү жетекчилер эфирге чыгаарда текшеришсе демекчимин. Буга кыргыз Тил комиссиясы, Кыргыз тил коому көзөмөлдөп турушу зарыл деп ойлойм. Садык – Шер айткан кара жашиктеги берүүгө алы келбесе да, Илим мырзанын ушул сыяктуу майда бирок маанилүү иштерге көңүл бөлө алат деп үмүт артып туралы.

Азис Мамбетмусаев, Бишкек шаары

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: