(Түрк макалы)
- Эгер кыйкырыктын күчү менен эле үй салууга мүмкүн болгондо эшек бир көчө там куруп салмак. (Перси макалы)
- Жалкоо киши үчүн үйдүн босогосу да тоодогу ашуу сыяктуу.
- Тамакты жалгыз жеген киши кыйынчылыкты да жалгыз тартат. (Азербайжан макалы)
- Эгер душманың сенин сырыңды билишин каалабасаң, анда, сырыңды досуңа да айтпа.
- Өзүн аалым эсептеген наадандан кач.
- Адилет сотко муктаж болбош үчүн өзүң адилет бол. (Кабус)
- Калпычы деле ууру сыяктуу: ууру сенин мүлкүңдү уурдаса, калпычы акылыңды уурдайт. (Аль-Хусри)
- Согуш-баатырды, ачуу – даанышманды, жокчулук – досту сынайт. (Аль-Харизи)
- Эгер күнгө далыңды салып турсаң, өзүңдүн көлөкөңдү гана көрөсүң. (Джебран)
- Кенебестик бардык жамандыктардын себепкери. (Джами)
- Бирөөнүн кулу болуп алтын кемер тагынгандан көрө, маңдай териң менен тапкан нанды тынч жеген артык.
- Айкөл жүрөк башкалардын кайгысынын эсебинен курулган бакты-таалайдан баш тартат.
- Эрдик булчуңдун күчүндө же кылычты чебер шилтей алгандыкта эмес. Эрдик – бул өзүңдү башкарып, адилет боло алуу.
- Көңүлү жок окуучу канаты жок куш сыяктуу. (Саади)
- Бактысын баалай албаган киши бактысыздыкка туш болот. (Ибн Сина)
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ