ТЭЦтеги аварияга тиешеси барлар камакка алына баштады. Биринчилерден болуп “Электр станциялар” ААКнын төрагасынын орун басары Бердибек Боркоев камакка алынды. УКМК билдиргендей, ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында көп суммадагы акчанын уурдалганы аныкталган. Коррупциялык схемага ар түрдүү фирмалар тартылып, келишимдер түзүлгөн. “Электр станциялары” ААКнын жетекчилери конкурска катышкан фирмалар квалификациялык талаптарга жооп бербегенине карабай, буу казандарды оңдоону тапшырышкан. Фирмалардын эсебине ири суммадагы каражат которушуп, бирок оңдоп-түзөө иштери ТЭЦтин өз күчү менен аткарылган. Эми бул ишке тиешеси бар үлкөндөр дагы камалууга тийиш. “Айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулат” болбош керек.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ