Menu

“Шолоховдун жолдош Ежовдун аялы менен интимдик байланышы катталды”

Бөлүшүү:

25 жашында өзүнүн «Тынч Дон» романы менен атак-даңкка ээ болгон Михаил Шолохов советтик адабияттын жылдызына гана айланбастан, советтик аялдардын арзуу-кыялына да айланган. Алардын бири ошол кездеги мамлекеттик коопсуздук боюнча эл комиссары Николай Ежовдун аялы Евгения Хаютина эле.

Евгения алгачкы жолу жазуучу менен 1937-жылы күзүндө таанышат. Кийинки жылы май айында жазуучу “СССР курулушта” журналына макала даярдайм деген шылтоо менен Моквага келип, Евгенияга жолугат. Эң кызыгы, Шолоховго болгон симпатиясы тууралуу ал күйөөсүнө өзү айтып алат. Муну угар замат Ежов өзүнүн кызматкерлерине Шолохов жашаган «Националь» мейманканасындагы номерге тыңшоочу аппараттарды орнотууга тапшырма берет. 1938-жылы августта лейтенант Кузьмин, «Шолохов жашаган номерге көзөмөл он күндөн ашуун жургүзүлдү, бул мезгил ичинде Шолоховдун жолдош Ежовдун аялы менен интимдик байланышы катталды», – деп рапорт берген.

Хаютинанын курбусу Зинаида Глинкинанын эскерүүсү боюнча, аябай мас болгон Ежов адегенде аялынан “Шолохов менен жаттың беле?”, – деп сураптыр. Бирок, аялы күнөөсүн караманча танып койгон соң, портфелинен стенограмманын кагазын алып чыгып, «ме, оку!» деп бетине бир чабат.

Ал эми Шолоховдун артынан болсо Ежов тыңчыларды коюп, ар бир кадамын аңдый баштайт. Изилдөөчү Эдуард Макаревичтин айтымында, ростовдук чекисттер Шолоховду “эл душманы” катары ашкерелеп, анан колго түшүрүү учурунда каршылык көрсөттү деген шылтоо менен атып салышмакчы болушат. Бул максатта провокация пландалып, новочеркаскилик инженер Погорелов Шолоховду Дондогу казактардын көтөрүлүшү тууралуу кепке тартмак. Бирок, Погорелов тапшырманы аткаруунун ордуна Шолоховго бүт баарын айтып салат. Шолохов болсо Москвага, Сталинге даттанганы жөнөйт. Сталин Шолохов менен кошо Ежовду кабыл алып, «Тынч Дондун» авторуна тийишпөөнү тапшырат.

Ушул окуядан кийин Евгения Хаютинада нерв оорусунун симптомдору пайда болуп, 1938-жылы өтө көп дозадагы дарыдан көз жумат. Эки жылдан кийин Ежов “контрреволюционер” катары атылат.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: