Өлкө башчысы болуп «эки тизгин, бир чылбырга» ээлик кылып, Кыргызстанды 6 жылда гүлдөтүп жиберем деген дымак менен президенттик шайлоодо элге жомок айткан Өмүрбек Бабанов учурда өлкөнү өнүктүрмөк түгүл, өз керт башын калкалап качып жүрөт. Дал ошол шайлоо учурунда казак тараптын чек араны жаап, шайлоого таасир тийгизүү операциянын уюштуруучулардын бири катары аты аталган «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Фархат Иминовду БШК мандатынан ажыратты. Бабанов өлкөдөн чыга качкандан кийин, Иминов дагы куйрук түйгөн болчу. Эми анын ордуна мурдагы вице-премьер министр Абдрахман Маматалиевдин уулу Марлен Маматалиев депутат болуп келет.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ