Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров сокулук районуна караштуу Лесное айылындагы Тоют жана жайыт илим изилдөө институтунун 2-кабаттуу лабораториясы жана жүз гектар жер Кытай жаранына сатылып кеткенин айтып чыкты. Деги биздин жетекчилер өлгөнү калышкан окшойт, кызарган жердин баарын сатышып. Эл үчүн иштеген, мамлекетке күйгөн бирөө-жарым барбы деп кабыргаң кайышат. Укук коргоочу Өндүрүш мырза Кытай жараны сатып алган 2-кабаттуу мекеме менен жүз гектар жер мамлекетке кайтарылып, күнөөлүүлөр жазаланышы керектигин белгилеп, Кытай жаранына берген жерге Дача-СУ айылын көчүрүп келсе болмок деп күйүп-бышты. Тиешелүү жетекчилер бул маселе боюнча чара көрбөсө, эл жазасын берет окшоп калды…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ