– Максат ажы белгилүү дин таануучу Чубак ажы Жалилов Ноорузду майрамдабаш керек деп көпчүлүк элдин кыжырын келтирди. Сиз буга кандай жооп айтасыз?
– Мусулмандар дин башкармалыгы буга мындай деп жооп беребиз: Нооруз бул мамлекеттик майрам, диний майрам эмес. Тагыраак айтканда, ислам дининин майрамы деп айтууга болбойт. Мамлекеттик бир топ майрамдар бар. Мисалы: 31-август, 9-май, 8-март ж.б. Мына ушул майрамдардын катарына Нооруз майрамы да кирет. Ал эми ислам дининде эки гана майрам, Орозо айт менен Курман айт гана майрам болуп эсептелет.
– Жарандарды ажыга жиберүүдө квоталарды жең ичинен соодаламай сыяктуу туура эмес көрүнүштөргө буга чейин жол берилип келгени белгилүү. Быйыл андай ыплас көрүнүштөргө жол берген жоксуздарбы?
– Кудайга шүгүр, мен муфтий болуп дайындалгандан бери андай чуулуу иштерге жол бергеним жок. Былтыр биздин мамлекетке Сауд Аравиясы 4500 ажылык квота берген эле. Быйыл квотанын санын 989 га көбөйтүп, 5489 квота беришти. 5400 квота элге берилсе, 89 квотаны штабдагыларга деп алдык. Ажыга барууну каалаган жарандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Быйыл 7 миңдей жаран ажыга баруу үчүн документтерин тапшырышты. Муфтиятта ажыга барууну көзөмөлдөгөн ведомстволор аралык комиссия бар. Ал комиссия жарандардын документтерин бирден кылдат карап чыгат. Учурда комиссиянын кароосунан өтүп, документтери жарактуу болгон жарандар 500 доллардан төлөп катталып жатышат.
– Квотанын баасы буга чейинкиге караганда быйыл кымбат болуп жаткан экен, эмне себептен кымбаттады ?
– Быйыл Сауд Аравия салыгын кымбаттатты. Эл туура түшүнүшү керек, квотанын кымбаттоосу биз тараптан эмес, Сауд Аравия тарабынан болууда. Азыр квота баасы толук тактала элек. Такталган күнү элибизге кабарлайбыз.
-Авиа каттам кандай болууда, ажыга баргандар кайсы тараптын учагы менен учуп бара алышат?
– Авиа каттам жылдагыдай эле болду. Жарандардын 50 пайызын Сауд Аравиянын авиа компаниясы ташыса, 50 пайызын Кыргыз авиа компаниясы алып барат. Эгер кыргыз тарап 50 пайыз жаранды алып бара албаса, анда жарандарыбыз 100 пайыз Сауд Аравиянын авиа компаниясы аркылуу барышат.
Мирлан АЛЫМБАЕВ
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ