Menu

Ооруканадагы сөлөкөт

Бөлүшүү:

Калаанын четирээк жагындагы ооруканага жатканыма бир топ болуп калган. Дубалдары эскирген тээ союз мезгилинде курулуптур. Ичи таза болгону менен эски экени кадимкидей билинип турат. Болгону бир кабаттуу, эски барак үйлөр сыяктуу узунунан кеткен. Мөөнөтү деле жетип калыптыр болчу. Ошол оорукананын ичинде бир палатада үч аял болуп чогуу жаттык. Бардыгыбыздын ооруларыбыз бирдей, окшош дарыларды ичебиз, бир мезгилде ийне сайдырабыз. Бул жакка келген-кеткен кишилер деле аз, тек гана оорулуулардын тааныштары, жакындары келишет. Анан бизге көзөмөл салган дарылаган врачтар, медсестралар, болгону эле ушулар, ошо себептен тыптынч. Анын үстүнө жол боюнан да алыс.

Мени менен чогуу жаткан келиндин бирөөсү Жумгалдын Кызарт айылынан экен. Аты – На­зим. Экинчиси чүйлүк Токмоктун Кегети айылынан, аты Жумагүл. Ал ооруканада үчөөбүз бир топ­ко жатып калдык. Атүгүл бош мезгилдерде сырдашып бири-бирибизди жакшы да билип калдык. Дарыларды убактысы менен ичип, ийнелерин өз мезгилинде сайдырып, үчөөбүз тең акырындап оңоло баштадык. Болбосо жумгалдык келин катуу акыбалда ооруп келген болчу. Барыбыздан ошол биринчи болуп чыгып кетти. Андан кийин калаанын Ак-Босого конушунда жашаган бир жаш келин келип жатты. Бирок ооруганы билинбейт. Ал деле биз сыяктуу дарыланууда, бардыгы тынч, жакшы эле өтүп жаткан, анан эле…

Анан эле биз жаткан палатанын ичинде күтүлбөгөн ызы-чуу башталды. Ал ызы-чуунун биринчи күбөсү өзүм болдум. Күндүзү көп уктап алгандыктанбы, түнкүсүн уйкум келбей жатты. Жанымдагы экөө эбакта эле коңурукту кош тартып уктап калышкан болчу.

Ары оодарылам, бери оодарылам уйкум келбейт, көзүмдү жумуп өзүмдү мажбурлап уктоого аракет кылып көрдүм. Жок, көзүм илинчүдөй эмес, же өчөшкөндөй убакыт жылбайт. Улам-улам саатымды карап коём. Уйкусуз жатканда эмнелер гана келбейт оюңа. Шурудай биринин артынан бири ээрчиген ойлор. Оюм улам башка жакка ооп кетет. Саатымды карасам, бир болуптур, дале уйкум келбейт. Жанымдагылар болсо жыргап уктап жатышат. Коридордо болсо кез-кез түнкү мөөнөттө отурган мед­сестра кыздын шиш такасын тарсылдатып баскан үнү угулат. Анын жанына барып сүйлөшүп отургум келди, бирок алар түн ичин­де оорулуулар менен сүйлөшүп отурганды жактырышпайт, сыягы врачтар ага уруксат беришпейт окшойт. Ошентип ары оодарылып, бери оодарылып жата бердим. Уйкумдун келбегенине өзүмчө жинденип жаттым. Саатымды кара­сам төрттөн өтүп бешке чукулдап калыптыр, дале уйку жок. Өзүмө-өзүм жиндене нервим кайнай баштады. Анан эле күтүлбөгөн жерден палатанын эшиги ачылып, кара шляпа, плащ кийген, кара көз айнекчен киши акырын жылып кирип келди. Ал түз эле төрдө уктап жаткан Ак-Босоголук келин жак­ка басып барды.

Эңкейип аны ка­рап жаткансыды. Анан бери карай мени көздөй бурула бергенде, мен коркконумдан көзүмдү катуу жума уктамыш болуп калдым. Ал мага келип жүзүмө үңүлө карап турганын жүрөгүм сезип атты. Акы­рын көзүмдү ача жумулган көзүмдүн кирпиктеринин арасынан ага көз жүгүрттүм. Ал ары жакка кетип калыптыр. Палатанын ичин ары-бери кыдырып басып жүрдү. Алиги Ак-Босоголук келин жакка барып кайра-кайра өңүнө түңүлө берди. Мени байкап коёбу деп аны карагандан да чочулап аттым. Бир кезде ордунан акырын козголду да, сыртты көздөй жөнөдү. Анын жүзүнө үңүлө карай коём деп, аз жерден бакырып жибере жаздадым. Келбети жок эле бетинде кишинин баш сөөгү, коркконумдан катуу көзүмдү жумуп жибердим. Ошол боюнча таптакыр ачкан жокмун, көзүм илинип кетиптир. Ойгонуп көзүмдү ачсам, ийне сайган медсестра кыз келип акырын бирден ойготуп ийне сая баштаптыр. Айланамды карасам, эбакта эле жарык кирип кетиптир. Ошондо түндөгү окуяны эстедим.

Коркуп, чочутуп албайын деп түндө көргөнүмдү эч кимге айткан жокмун. Эртеси түнү дал эле ошондой окуя кайрадан кайталанды. Кара шляпа, кара кийим кийинген киши дал эле кечөөнкү убакта эшиктен кирип келип, түз эле Ак-Босоголук келин жак­ка барды. Анан Токмоктук келинге жакындап барды, мени көздөй бурулганда көзүмдү катуу жумуп алдым. Анын эртеси таңга маал бул көрүнүш дагы кайталанды. Сыягы, түн бир оокумда бул сырдуу сөлөкөт дайыма кирет болуш керек деп ойлоп койдум. Мен күндүзү өлүктөй болуп уктап алам да, түнкүсүн уйкум келбейт. Анан эле жанагыдай көрүнүшкө өзүмдөн-өзүм туш болом.

Дагы бир күнү ушундай болуп уйкум келбей жатканынан палатадан чыгып, коридордогу столдо бир нерсе жазып отурган медсест­ра кызга басып бардым. Анан аны менен ар нерселерди сүйлөшүп отуруп түндөгү көргөн нерсемди айттым.

-Аны сен да көрдүңбү, кара кийимчен киши бекенби?

-Ооба.

-Андан коркпой эле кой, анын эч бир зыяны жок. Аны мен күндө түн ичинде көрөм, мен дагы адегенде сендей болуп коркуп жүрчүмүн, азыр болсо коркпой калдым. Сөлөкөт гана болбосо, эч кимге зыяны деле тийбейт экен. Так что, сен деле коркпосоң болот. Мындан бир жыл мурун тигил Ак-Бо­соголук келин жаткан керебетте бир киши көз жумган. Ошонун сөлөкөтүбү же арбагыбы айтор, келе берет, таңга жуук. Айланага жарык кире баштаганда кайра кетип калат. Куран билсең, ошого багыштап куран окуп кой, ал келбей калат. Арадан бир апта өткөндө мен таптаза болуп айыгып, ооруканадан чыгып кеттим. Бул окуя­ны болсо эч кимге оозумдан чыгарган жокмун. Мен окурмандарга айтат элем, ооруп ооруканага жа­тып калсаңар, сөзсүз түрдө өзүңөр жата турган керебетеңирди тазалап, куран окуп, анан жатып жүргүлө деп. Балким, ал жерде оору­луулардын бирөөсүнүн көзү өтүп кетиши мүмкүн. Болбосо ким би­лет, жанагыдай көрүнүшкө жолугуп калышыңар мүмкүн. Кез-кез ошол оорукананын тушунан ма­шине менен өтүп баратканда, ошол окуя эсиме түшө берчү болду.

Айдай Рахманкулова, Токмок шаары

Булак: Шамбала гезити 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: