Menu

Медина мейманканасында тажик ишкери менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү табылды

Бөлүшүү:

5-мартта Сауд Арабиянын Медина шаарынын мейманканаларынын биринде 33 жаштагы Бахтиёр Додохонов, анын аялы, 10 жана 12 жаштагы эки уулунун сөөгү табылды.

“Азаттыктын” тажик кызматынын корреспонденти маркум ишкердин атасы, «Шарки озод» басма үйүнүн мурдагы директору Манзурхон Додохоновдун үйүндө барды. Бахтиёр Додохонов анын жалгыз уулу болчу.

Ишкердин туугандары алар ууланып калган же киши колдуу болушкан деген божомолдорун билдиришүүдө. Учурда Тажикстан жана Сауд Арабиянын тиешелүү түзүмдөрү расмий билдирүү берише элек.

Бахтиёр Додохонов Тажикстанда белгилүү ишкер болгон. Он күн мурун ал үй-бүлөсү менен Мединага кичи ажылыкка жөнөп кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: