Menu

Астана соту вице-министр Садибековду эки айга камоо чечимин чыгарды

Бөлүшүү:

Астана соту коррупцияга айыпталган Казакстандын энергетика боюнча вице-министри Гани Садибековду камакка алуу чечимин чыгарды.

Садибеков Щучинск-Бурабай курорттук аймагындагы көлдү тазалоо үчүн мамлекет казнасынан бөлүнгөн бир миллиардга жакын теңгени кымырып алууга шектелүүдө.

Астана сотунун маалымат кызматы билдиргендей, аткаминерди эки айга камоо чечими чыкты.

Бул ишке байланыштуу “Аймак” жалданма уюмунун жетекчиси Д.Дуанбек да кармалып, ишкананын эки өкүлү — Серикбай Жумалинов менен Бекзат Кадирберлин эки айга камалды.

Өткөн аптада энергетика минитрлигинин калдыктарды башкаруу департаментинин башчысы Жан Нурбеков кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: