Menu

 Азиза Абдрасулова, укук коргоочу: “Дастан Жумабеков жумшактык кылып коюп жатат”

Бөлүшүү:

Рубрика төрүнө бул сапар Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду чыгардык. Кесиптештери тарабынан спикердин ишмердүүлүгүнө кескин сындар айтылып, “парламенттин төрагалык даражасына чоң шек жаратты” деген өңдүү пикирлердин күчөшү эмнени түшүндүрөт? Парламенттин депутаттарына алдына иш козголуп, арты сот тарабынан мандатынан ажырап, айрымдары камакка алынышууда. Мындай шартта төрага Жумабеков эл өкүлдөрүнүн таламын талашып, укугун коргой алдыбы? Дегеле анын ишмердүүлүгүн коомчулук өкүлдөрү кандай талдоого алышат? Мындай соболдорубузду эл көзүндөгү инсандарга жолдоп көрдүк.

— Биринчиден, Жогорку Кеңеште болуп жаткан окуяларга жеке спикер гана күнөөлүү эмес. Спикер сессиянын жүрүшүнө, коюлган маселелерди убагында талдоого коюуга, регламенттин сакталышына гана жооп берет. Жогорку Кеңештин регламенти абдан начар жана ошол регламент парламенттеги тартипсиздикке жол коёт. Мындай регламент менен кандай гана спикер болбосун жакшы тартип орното албайт. Депутаттардын сот жообуна тартылышына да парламент жана спикер киришпегени жакшы. Анткени, баардыгы укуктук ченемде чечилиши керек. Бирок, тергөө жана сот жүрүшүндө мыйзам бузуулар орун алса, анда ошол фактыны көзөмөл кыла алат. Регламенттеги “келбей калган депутаттын ордуна башка кесиптештери добуш бере алат” дегенди алып салыш керек. Ар бир депутат өзү добуш берип, шайлоочулардын алдында өз чечими үчүн өзү түшүндүрмө бере ала турган болуш керек. Ошондой эле парламент депутаттарынын кош жарандуулугу үчүн да спикер жооп бербейт. Ал ИИМ баштаган күч органдарынын жана БШКнын ыйгарым укугундагы маселелер. Менин айтарым, азыр Дастан Жумабековдун ордуна кимиси барбасын, мындан башкача тартип орното албайт. Анткени, депутаттар өздөрүнө ыңгайлуу регламент кабыл алып алышкан. Менин пикиримде, Дастан Жумабеков жумшактык кылып коюп жатат. Колунан келсе регламентти өзгөрткөнгө аракет кылсын. Ошондо баарыбыз көрөбүз кимдин-ким экенин.

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: