Menu

Текебаевди анын артынан Чотоновду кайрадан сот залынан чыгарып салышты

Бөлүшүү:

Биринчи май райондук сотунда депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөн Чотновго кылмыш иши каралууда.

Судья Эрнис уулу Айбек сот процессин чойбоону өтүндү. Өмүрбек Текебаев болсо оозеки өтүнүч жасап, ден соолугуна байланыштуу процессти которууну суранды. “Сотко бизди кеч алып келишти, себеби мен эртең менен жакшы эмес болчум”, – деди ал.

Судья болсо, түшкө чейин бир нече томду карап бүтө алышаарын жана делодо анын оорусу тууралуу эч кандай справка жок экенин айтты. “Эгер сиз ооруп жатасаңыз, справа көрсөтүңүз, анан карайбыз”, – деди ал.

 

Айыпталуучу каршы чыгып, өзү түшүндүрмө берип баштаганда, сот ага тынчтанууну өтүндү. Текебаев макул эместигин билгизип сүйлөй бергенде, сот кайрадан кайталады. Бирок депутат аны уккан жок. Мындан улам сот Текебаевди сот залынан алып чыгып кетүүнү суранды.

Аны алып чыгып кеткен соң, Д. Чотонов да сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, соттун алмашуусун өтүндү. “Сиз биздин бардык конституциялык укуктарыбызды буздуңуз”, деди ал.

Сот ал өтүнүчкө дагы каршылыгын көрсөткөндүктөн Чотонов да ызы-чуу кылды. Акыры аны дагы алып чыгып кетишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: