Menu

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Жол чарба Департаментинин директору кармалды

Бөлүшүү:

КР МУКК Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин кызмат адамдарына карата козголуп, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Жол чарба Департаментинин директору А.Ибраев кармалды, – МУКК билдирди.

Аныкталган боюнча, А.Ибраев өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын областынын Ак-Талаа районунун Ак-Талчат айылындагы “Нарын суусу аркылуу көпүрө” обьектисиндеги калыбына келтирүү иштеринин буйрутмаларын аткаруу үчүн мыйзамсыз түрдө өзүнө тиешеси бар “Кербенжолкурулуш” ААКсына 45,8 миллион сом ыйгарып берген.

2017-жылдын июль айында иш аткаруу келишими ошол эле жылдын сентябрь айына чейин бүтүрүү мөөнөтү менен түзүлүп, А.Ибраевдин көрсөтмөсү боюнча “Кербенжолкурулуш” ААКсынын эсебине банктын кепилдиги жок эле мыйзамсыз түрдө 35,3 миллион сом өлчөмүндө каражаттар алдын ала которулуп берилген.

Андан ары бул каражаттар коротулуп кеткени менен азыркы маалга чейин курула турган көпүрө ишке бериле элек.

А.Ибраевге КР Кылмыш-жаза Кодексинин 304-беренесинин 2-жана 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренесинин 2-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) жана 189-беренеси (Ачыксоода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу) боюнча айыбы угузулуп, 2018-жылдын 6-мартында Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунунун чечими менен КР МУКК тергөө камак жайына кармоо боюнча баш коргоо чарасы каралды. Тергөө жүрүп жатат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: