Menu

Рита Сулайманова, “Жаңы Мезгил” партиясынын лидери: «Биздин партиянын катарында демилгелүү айымдар арбын»

Бөлүшүү:

Кыргызстанда партия дегендин саны самандай сапырылып кеткен. Бирок, ошолордун ичинен алгылыктуу максаттар менен жашоосун уланткандар гана эл арасында тиричилигин жасап жатышат десек аша чаап кеткен болбойбуз. Маселен, ичинде бир да чиновник болбогон ушул партиянын катарын улам жаңы адамдар толуктап жатканы эмнеден? Дегеле бул партиянын өзгөчөлүгү кандай булактарда деген суроолордун тегерегинде, майрам күнү Рита Сулайманованы кепке тартып турган кезибиз. Анда эмесе ушул орчундуу маекке саресеп салып коюңуздар?

—Биринчиден март майрамыңыз куттуу, баяндуу болсун деп туруп сөзүбүздү баштайлы. Рита айым жакынкы аралыкта кандай омоктуу жаңылыктарга күбө болдуңуздар?

—Ракмат. Негизинде жаздын келиши бизди өзгөчө кубанычка бөлөдү. Анын үстүнө бүгүнкү майрамдын өзгөчөлүгү анын сулуулугунда жана улуулугунда. Анткени аялзаты жок болсо жашоо караңгылыкка бөлөнүп калмак. Үйдүн жарыгы, баланын мээримдүү энеси, жигиттин тиреги болгон апалардын, эжелердин, курбулардын, сиңдилердин майрамы ырыстуу болсун. Буйруса бүгүн өзүбүздүн жакын санаалаштар, партиялаштар майрамдык маанайыбызды көкөлөтө көтөрүүгө аракеттенебиз. Бир жылда бир келчү майрамды жакшылап тосуп алууга ким бөгөт болмок эле? Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы республиканын айымдарын жаздын илебине сугарылган, шөкөттүү майрамы менен куттуктайм.

Ал эми жагымдуу кабарыбызды айтсак төмөнкүдөй. Жакында ак бээни ырымдап сойдуруп түлөө өткөрдүк. Бул иш-чарага жети дубандан чакырылган мүчөлөрүбүз келип катышты. Айрыкча партиянын ишине активдүү кол-кабыш кылгандарды тосуп алдык. Ал жерден көзү өтүп кеткен партиянын мүчөлөрүнө куран түшүрттүк. Андан кийин келечекте боло турган иштерибиз тууралуу айтылган кептерге кулак төшөп, баалуу сунуштарды көңүлгө түйдүк. Канткен күндө да чечилбеген көйгөйлөрдү али чети да оюла элек. Аймактардан келген адамдар көкүрөгүндө көптөн бери сакталган жүйөөлүү кептерин ортого салышты. Кечинде болсо маданияттуу эс алуу максатында улуттук филармонияга барып чоң программадагы концертке күбө болдук.

—Жакшы жышаандар бар экен. Ошентсе да өзүңүздүн реалдуу жасай турган ишиңизге токтолсоңуз? Себеби, партиянын негизги тилектери бар эмеспи?

—Айтканыңызда калет жок. Чынында эле он жылдап жер алууга кезек күтүп, эптеп үйлүү болуп калсак экен деген партиялаштарыбыз миңдеп саналат. Биз өзгөлөргө окшоп саясаттын ичегисин чубаганга кызыкпайбыз. Өкмөттүн маанилүү программаларына колдон келсе көмөктөшүүгө даярбыз. Кандай болгон күндө да мамлекеттин рычагы баарынан кубаттуу. Болгону карапайым элдин талабын аткарууга чын пейилден мамиле кылса деген шартыбыз бар. Жылдар боюу чечилбеген жер маселесин оң тарапка сыйлыгыштырып беришсе эле калганын жөндөп кетүүгө дараметибиз жетет. Калыстык иретинде айта кетишибиз зарыл. Маселен, илгери гектарлаган жерлерди колунан келген байлар менчиктештирип алышкан ит бекерге. Ошолор эми жүз эсе кымбат сатып жердин эсебинен манчыркап жатышканы алаканга салгандай көрүнүп турат. Ошол көпкөн тың чыкмаларды жаңыдан бийлик башына келген президент, өкмөт башчы, спикер жакшылап акыйкаттык менен тескеп койсо оң болмок. Болбосо теңчилик сакталбай калып жатпайбы? Бири гектарлап жерди басып алса шордуу кишиге төрт сотых жер берилбей калганы адилетсиздик эмей эмне?

—Баса, 150 гектар жерди сот партиянын тарабына алып берди деген сөз бар. Ошол жерлерди эми кантип пайдаланасыздар? Анткени талап кылгандардын баарына жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок да?

—Биз мунун жолун табууга башты иштетип жатабыз. Ар кимге төрт сотыхтан бөлүп берүү менен маселе чечилбейт. Демек, көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен абалдан чыгабыз. Ал тургай кандай архитектуралык турак-жайларды салыш керектигин иликтеп чыктык. Бизге бөлүнгөн жерге төрт кабаттан ашыра жай салууга болбостугун адистер айтышты. Ошол үчүн жердин кыртышына ылайыкташтырып үйлөрдү курууга ниетибизди буруудабыз. Ошондо кыйла маселени чечүүгө болот экен. Арийне, ал жерге мектеп, бала бакча, медициналык курулуштарды салууну унутта калтырбайбыз. Инвесторлорду тартууга жол ачылды, демөөрчүлөр менен да сүйлөшүүлөр болуп жатат. Айтор, оор абалдан чыгуунун жолдорун караштырып жатабыз.

—Ошондо негизи кимдерди отурукташтырууну пландап жатасыздар?

—Үйгө катуу муктаж болгон колунда жокторду, майыптарды, көп балалууларды, жаштарды ириде колдойлу деген максатыбыз бар. Аларга жумуш таап берүүнү да ойлонуп койдук. Курулуш жаатына эле жүздөгөн адамдарды тартсак болот. Келин, кыздарга болсо тигүүчүлүк цехтерден, ашканалардан, кол өнөрчүлүк тараптан иш тапсак болоруна көзүбүз жетип турат. Жумушту баштап алсак эле мындай көйгөйлөрдү ордуна келтиребиз.

—Сөзүбүз да аяктап баратат окшойт. Партиянын катмарын негизинен аялдар камтыйбы?

—Мунун калпы жок. Башынан бери биз менен бирге баш оту менен киришкен аялдар болгонун сыймыктануу менен айта алам. Ошол эжелердин, партиялаштардын аркасы менен ушул ийгиликтерге жетиштик. Мындан ары да биз чогуу-чаран ишибизди тереңдетебиз. Оболу ынтымак-ырашкердикти орнотууга башкы көңүлдү бурабыз. Ыркырашпай, чыркырашпай оокатыбызды жөндөсөк ишибиз өйдөлөйт. Арийне, акыркы убакта жаштар да келип сабыбызга тизилди. Бул жакшы жышаан деп белгилейбиз. Удулу келип турганда мен партиянын лидери катары айымдарды майрамы менен куттуктап, аларга баардык жакшылыктарды ыроолоп кетмекчимин. Бар болгула, үйдүн куту, балдардын мээримдүү энелери, жарлардын сүйүктүү түгөйлөрү!

Жора Сулайманов

Булак: Ачык сөз 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: