Оо бир боорлорум! Ондогон кылымдарды карытып, далай бороон-чапкындуу, кайгы-муңдуу кырларды ашып, өзүнүн КЫРГЫЗ — деген аты-заты үчүн көптөгөн кандуу кармаштарда кан кечип, КЫРГЫЗ экендигин далилдеп келген кыргыз калкымдын, эң бир оор, жүрөктөн өтүп, жүлүнгө жеткен каргышы бар! Ал – «АТЫҢ ӨЧКҮР!» … Эмне урматтуу менин «инилерим», өзүңөрдүн КЫРГЫЗ деген ысымыңарды өзүңөр, өз колуңар менен муунтуп, жок кылганы жатасыңарбы? Эсиңер барда этегиңерди жапкыла! Ансыз деле ар кайсыл улуттарга аралашып отуруп, ашмалтайыбыз чыгып бара жатат! Ата-бабаларыбыздын каргышына калбайлы! Ушунчаңарда айткан сөзүңөрдөн кайткыла инилерим! Ылайым АТЫҢАР ӨЧПӨСҮН инилерим, КЫРГЫЗЫМ! … Ойлон КЫРГЫЗ. Ойгон КЫРГЫЗ! КЫРГЫЗ – деген атыңды сактап кал КЫРГЫЗ! Ал сенин гана колуңда…
Мурат Жетимишбаев, мурунку “Ак жол”, азыркы “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Ысык-Көл” облусундагы өкүлү
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ