Menu

Турганбаевдин ИИМдин эшигин сүзүп кирип барганы эмнеси

Бөлүшүү:

“Азия ньюс” гезити «Манты кулак» Мелис Турганбаев аз күн мурда эки жансакчысынын коштоосунда ИИМ­дин орун басары Данияр Абдыкаровдун кабинетине кирип барыптыр. «Се­ни өзүм көтөрдүм эле, акырында көтүмө суу куйдуң, эми түбүңө жетем!» деп катуу омуроолоп, аз жерден сабап сала таштаптыр. Ооба, Мекеге ишенич жок, кармаша кетсе борпоң Данчикти көтөрүп чаап, муунтуп, о дүйнөгө узатып жибериши ажеп эмес да. Кызыгы, Абдыкаров устаты Турганбаевге эмне жаманчылык кылганы ушул күндөрү ачыкталмакчы” – деп жазып чыкты. Милициянын килейген генералы ИИМдин эшигин тээп кирип, министрдин орун басарын жакалап жатса, ми­лициянын кадыр-баркы кайда калган? Уят эмеспи ыя? Өздөрүн өзү сыйлабай жатса, башкаларды жөн эле коёлу. Милиция­нын бийик сересиндегилер ортосунда мына ушундай зөөкүрдүк өкүм сүрүп жаткандыктан, катардагы кызыл шапкечендер жыртык чокойчон көчөдө жүрүшөт да. Тур­ганбаев мырза ич күптүсүн Абдыкаров менен ээн талаа, эрме чөлдө чечишип алса болбойт беле? Кандай болгон күндө да абдан өкүнүчтүү иш жасаптыр. Генералдан мындайды күткөн жок элек…

Булак: Ачык саясат 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: