Жаздын жылуу деми менен кошо гүл жыттанып кирип келген майрамыңыздар менен куттуктаймын! Кылымдар бою аялзатынын сулуулугун, аялзаттын акылдуулугун, ажарлуулугун жана мээримдүүлүгүн нечен акындар, нечен сүрөтчүлөр даңазалап келген. Буга мисал Каныкей, Кыз Сайкал, Айчүрөк, Курманжан Датка сыяктуу энелерибиздин тарыхта калтырган көөнөрбөс элестери. Сиздердин тырышчаактыгыңыздардан, жашооого болгон күжүрмөндүгүңүздөн учугубуз үзүлбөй уланып келе жатат. Тамагыбызды таттуу кылган, бактыбызды бийик кылган, жашообузду жеңил кылган аялзаты! өмүрүбүздүн туткасы, жашообуздун жарыгы, өлкөбүздүн, үйүбүздүн куту аялзат! Коомду өстүргөн билимиңиздер кемибесин, ар түрдүү тармагыбызда алгылыктуу иштеген ишиңиздерде ийгиликтер болсун! үй- бүлөңүздөргө кут , береке орносун, жарык маанайыңыздарды эч нерсе бузалбасын, сиздердин эбегейсиз салымыңыздар менен өлкөбүз өссүн, элибиздин келечеги кенен болсун!
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ