Menu

Адиль Турдукулов, активист: «Атамбаев «менден кийин КСДПны сен жетектейсиң» деп мага убада берген»

Бөлүшүү:

— Адиль, акыркы саясий окуялар тууралуу “Фейсбук” баракчаңа жазган пикирлериң кызыгууну жаратууда. Фарид Ниязов президенттин аппарат башчысы болуп кайра келбей турган болду. КСДПнын иштери менен алектенем деди. Ал киши партиялык ишке кетип жаткан соң, жакын арада шайлоо өнөктүгү болуп калышы мүмкүнбү?

— Фарид Ниязов бир жума мурун арыз жазганда эле, ал эми президенттин аппарат башчысына кайтып келбейт деп айткам. Ошондой болду. Мунун себеби президенттин бүт ишмердүүлүгүн аткарган жана буйруктарын ишке ашырган президенттин аппараты жана анын жетекчиси болуп эсептелет. Ошол үчүн аппарат башчы өтө ишенимдүү адамың болушу керек. Фарид Ниязов болсо толугу менен Атамбаевдин ишенген кадры болуп эсептелет. Азыр балким Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда жеке келишпестиктер жоктур, бирок эки команданын ортосундагы көмүскө күрөш күчөп жатканын баарыбыз эле көрүп жатабыз. Анткени жаңы президент күчкө толуп жатат. Бул табигый жана күтүлгөн процесс. Бул жылы шайлоо болору күмөндүү анткени, Жээнбеков да, Атамбаев дагы шайлоо менен коштолгон ызы-чууга кызыкдар эмес. Фарид Ниязов ээн талаада калбайт деп ойлойм,

— Мурунку президент партиясынын курултайын жаңы тизмени тактай албай жаткандыктан улам артка жылдырууда деп айтышууда. Акчалуулар Атамбаевдин тизмесине кирүүдөн коркуп жатышабы же ишеним жоголдубу?

— Жаңы шайлоонун болушу биринчи кезекте КСДПнын күчөтүлүшүнө алып келиш керек, бирок андай кепилдикти эч ким бере албайт. Ошондуктан кеп тизмеде эмес…

— Кечээ жарандык активисттер сот тармагында реформа жүрүшү керек деп митинг өткөздү. Сен Сегизбаевдин орду түрмөдө деп чыктың. Сегизбаев кайсыл кылмышы үчүн түрмөгө олтурушу керек?

— Биз Сегизбаевди гана эмес Джолдубаеванын да жоопко тартылышын талап кылдык. Анткени азыркы УКМК жана Башкы прокуратура саясый куугунтуктун ордосу жана сөз эркиндигин муунткан башкы орган болуп калышты. Ошол эле учурда алар олчойгон коррупциялык иштер боюнча көз жумду саясатын жүргүзүп жатышат. Сөзсүз түрдө экөө тең мыйзам нугунда соттолуп, көп жылга камакка алыныш керек. Кийинчерээк мен аларга бир-эки жолу “передача” алып барам.

— Сен Атамбаев менен чогуу жүрүп калган жайың бар. Ал кишинин мүнөзүн башкаларга караганда жакшы билесиң. Бир кездеги “шефиңдин” жаңы тизмесинде сени экинчи болуп турат деп айтып жатышат. Шайлоо болуп калса шефти жандап чыкканга бел байладыңбы?

— Чынында Атамбаев президент болуп турганда эл күткөн көп мүчүлүштүктөргө жол берилип, кээ бир үмүттөр да өчкөн. Ошол эле маалда Атамбаевдин өлкө башчысы катары жетишкендиктерин да айтпай койбосо болбойт. Ал атаандаштык негизде шайлоону өткөрдү, добуштарды туура санай турган автоматтык системаны киргизди. Конституцияда жазылгандай бир мөөнөт президент болуп отурду. Бул Борбор Азия аймагында буга чейин болбогон укмуш көрүнүш. Бир нече жолу Атамбаев «менден кийин КСДПны сен жетектейсиң» деп мага убада берген. Эгерде Атамбаев партиянын «келемиштерин» кууп, каталарын таанып, аларды жоюуга бел байласа, мен Атамбаевдин ордун басууну ойлонуп көрөм.

Булак: “Жаңы ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: