Бүгүн, 11-мартта кыргыздын бир нече активисттери Бишкекте 1 тонна 464 кг бешбармак, 117 метр чучук жасашып, Гиннестин рекорддор китебине каттатышты. Бул тууралу уюштуруучулардын бири Дана Абдыбекова билдирүү таратты.
Мындай салмактагы бешбармак менен чучукту жасоого 9 жылкы союлган. Тамактарды даярдоо жана таразага тартуу процессин Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү фото жана видеофиксацияга алышкан. Эгер бул процесстердин баары Гиннестин талаптарына так келсе эки жумадан кийин жаңы рекорд жарыя кылынат.
Бул демилгени «Кыргыз тилектештиги», «Ак элечек», «Ак калпак» коомдук уюмдары жана “Аю Гранд Комфорт” соода фирмасы биргелешип, ишке ашырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ