Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина Евразия экономикалык биримдигинин сотунун судьясы болуп дайындалганына байланыштуу мандатын тапшырды. Бүгүн, парламент жыйынында төрага Чыныбай Турсунбеков фракциялашы Скрипкинанын ат көтөргүс эмгек жасаганын айтып, жаңы жумушуна ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Жогорку Кеңештин атынан белектерди тапшырып, депутаттар Галина айымды кол чабуулар менен узатышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ