Menu

«Манас» университети студенттерин акысыз интернет менен камсыздоодо

Бөлүшүү:

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты студенттерин айына «60 GB» акысыз интернетке туташтырылган симкарталар менен камсыздайт. Бул тууралу КТМУнун Басма сѳз кызматы билдирет.

Жогорку окуу жайларында билим алуу онлайн түрүндө жүрүп жаткандыктан, студенттерди колдоо максатында «Манас» университетинин ректораты тарабынан ушундай чечим кабыл алынган.

Бул чечим студенттерге ай сайын «60 GB» акысыз интернет колдонуп, квота маселеси жаралбастан аралыктан билим алууну улантууга мүмкүнчүлүк берет.

Окуу жайыбыздын студенттери Sim-карталарды 17-23-сентябрь күндөр аралыгында, “Megacom” компаниясынын каалаган филиалынан саат 9:00дон 18:00го чейин алып кетишсе болот. Учурда бардык студенттердин тизмеси аталган компаниянын филиалдарына жиберилген. Sim-карта алуу укугу Кыргызстандын аймактарында болгон бардык студенттерге берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: