Menu

Бажы жана салык кызматындагы ири коррупциялар

Бөлүшүү:

Бажы жана салык кызматынын кызматкерлеринин катышуусундагы ири коррупциялык схема аныкталып, анын кесепетинен 217 миллион бюджеттик акча мыйзамсыз чыгарылып кеткени аныкталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети салык жана бажы органдарынын имараттарында кеңири масштабдагы ыкчам иликтөө операцияларын өткөрдү.

УКМКнын маалыматына караганда, айрым юридикалык жактар Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алганы тууралуу жалган документтерди жасап, тийиштүү мамлекеттик органдарга берип турушкан. Кийин ал акча мамлекеттик бюджеттен кайтарылып берилип турган. Бул иштер 2016-2017-жылдары болуп, алар боюнча буга чейин эле кылмыш иши ачылып, иликтенип жатканы кабарланды.

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: