Глобалдык экономиканы анализдеген Quartz журналы Кытайдан карыз алган сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарып, алар бересесин убагында кайтарбаса кыйын кырдаалга тушугаарын эскертти. Макаланын автору Тим Фернхолц былтыр Шри-Ланка Кытай бийлигине 1 миллиард доллардан ашуун карызын кайтара албай, деңиздеги соода портторун Кытай корпорацияларынын башкаруусуна өткөрүп бергенин, азыркы тапта Африкадагы Жибути да Кытайга карыз болгондуктан, АКШ ээлеп турган базасынан айрылганы жатканын, буга АКШ бийлиги нааразы экенин мисал келтирди. Кытайдын “карыз менен кылтакка илүү дипломатиясына” айрыкча жакыр өлкөлөр кылдат мамиле жасашы керектигин белгиледи. “Глобалдык өнүгүү” аттуу бейөкмөт уюм Кытайдан эсепсиз карыз алган дүйнөдөгү сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарган. Алар: Жибути, Кыргызстан, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Монтенегро, Пакистан жана Тажикстан. Буга чейин Тажикстан карызынын ордуна Памир өрөөнүнөн миңдеген гектар жерин бергени маалымат каражаттарында жазылган. Окумуштуулар эртеби же кечпи Кытай карызын доолап, аны төлөтүп алууда эл аралык нормаларга шайкеш иш алып барбай турганын, бересесин төлөй албаган өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө кол салышы мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Бул коңгуроо Кыргызстандын бийлигине сабак болушу шарт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ