Menu

Түркмөн президенти өлкөдө ун тартыш болуп жаткан маалда былтыр дан эгини «көп» жыйналганын билдирди

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда ун тартыштыгы күч алып жаткан маалда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов өткөн жылы дан эгини көп жыйналганын билдирди.

“Өткөн жылы дыйкандар бир жарым миллион тоннадан ашык буудай жана 1 миллион 100 миң тонна пахта жыйнашты. Андан тышкары башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү дагы мол болду”, – деп жазды мамлекеттик ТДХ агенттиги президенттин айткандарын.

Буга чейин расмий маалымат каражаттары былтыр өлкөдө миллион тоннадан бир аз гана ашык дан эгини жыйналганын билдиришкен. Буга байланыштуу мамлекет башчы айрым аймактардын башчылары менен айыл чарба тармагына жооптуу аткаминерлерге сөгүш жарыялаган.

“Мындай начар жыйынтыктарга район жана облус жетекчилеринин, ошондой эле дыйкандар биримдиктеринин жерди жана сууну натыйжалуу пайдаланууну уюштура албагандыгы себеп болду”, – деп билдирген мамлекет башчы сегиз ай мурда. Бул билдирүү менен ал мамлекет буудай жыйноо боюнча планды толук аткара албагандыгын ырастаган.

Түркмөнстанда былтыр декабрдан бери ун тартыштыгы жаралып, негизги азык-түлүк түрлөрүнүн баасы кыйла жогорулаган. Учурда мамлекеттин көзөмөлүндөгү дүкөндөрдө ун ар бир адамга өлчөнүп, күнүнө 1-2 гана сааттан сатылууда. Бирок бийлик өлкөдө ун тартыш болуп жатканын расмий моюнуна ала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: