Склероз
Рахман Разыковдон анекдот.
Бир картаң абышка эне сүтү оозунан кете элек жаш кызга үйлөнөт экен. Алгачкы нике түнүндө абышка төшөктө колуктусунун жанына отуруп алып суроо берет:
— Эми эмне кылыш керек?
— Билбейм.
— Китептерден окуган жок белең?
— Жок.
— Курбу кыздарың да айтышкан жокпу?
— Жок.
— Кара басып, мен да унутуп калбадымбы…
Кыйналган экен
Гезиттеги макаладан: “Кечээ түн жарымда Жыргал-Сай көчөсүндөгү “Эрозона” секс дүкөнүнө ууру кирди. Ал алып кеткен нерселерге караганда, ууру жалгыз окшойт. Көптө-ө-н бери жалгыз жашайт окшойт”.
Багы жокко дагы жок
Турсунбек Акундан анекдот.
Төрт-беш жигит кафеде ичип отурушат. Баары шатыра-шатман, арасында бирөө гана үтүрөйүп көңүлсүз.
— Сага эмне болду? – деп сурайт отургандардын бири.
— Акыркы кездери дегеле жолум болбой жүрөт. Каякка барбайын таяк жеп келе турган болдум. Азыр да жүрөгүм бир жамандыкты сезип турат.
— Сен андай ырымчыл болбо да. Андай эски ырым-жырымдарга “тү” деп түкүрүп салыш керек. Кана “тү” дечи?
— Тфу!
— Ой, энеңди урайын келесоо! Эмнеге менин салатыма түкүрдүң? Азыр оозуңду кан жалата коёюнбу?!
Адекваттуу жаза
Тынчтык Шайназаровдон анекдот.
Бир жигит уулун тилдеп атат:
— Сени тамеки тартып баштаптыр дейт го? Апасы, менин курумду алып келе калчы?
— Ата, ал деген чыныгы сигарет эмес, электрондук сигарет болчу, – дейт уулу чый-пыйы чыгып.
— Электрондук дейсиңби? Апасы, анда үтүктү алып кел!
Атасынын баласы
Борончудан анекдот.
Бир жигиттин жаңы эле көз жарган аялы төрөт үйүнөн чыгып келет. Бактылуу ата жыпжылаңач ымыркайды кармалап көрүп атат.
— Омей, чочосунун чоңдугун карасаң!
— Ага эч камтама болбо, – дейт анда аялы соортуп. — Чочосу окшошпогону менен көздөру кудум эле сеники болуп турбайбы.
Ойготпо
Сабыр Мукамбетовдун кеңештеринен: “Урматтуу аялдар, эч качан күйөөңөргө “мен жок болсом эмне кылат элең?” деп айтпагыла. Эркек деген келесоо болот. Ойлоно баштайт”.
Жыныстын касиети
Дүйшөн Керимовдун аныктамасынан: “Аялзаты балмуздактай болушу керек, тоюс, даамдуу болуп, эрип турушу керек. Эркек кофедей болушу керек, тоюс, күчтүү болуп, уктатпашы керек”.
Шектүү киши
Нурлан Сарчаевдин аныктамасынан: “Эгер балык уулаганы кеткен эркектана кечке жуук колуна балык көтөрүп сопсоо келсе, ал – браконьер”.
Барби
Нурбек Мурашевден анекдот.
Таң эртең аялы менен күйөөсү чай ичип отурушат.
— Жаңы секретарашаң кандай неме экен? – деп сурайт аялы.
— Жакшы эле. Жогорку билими бар экен, ишке жоопкер.
— Мурагы секретаршаң барби куурчакка окшош эмес беле, мунуң да ошондойбу?
— Бир аз окшойт.
Ушу тапта полдо ойноп отурган беш жашар кызы сөзгө аралашат:
— Ата, сенин куурчагың да жаткызганда көзүн жумуп алабы?
Чын сүйүүнүн белгиси
Гүлнур Сатылгановадан анекдот.
Бир жигит сүйгөн кызына ышкысын билдирип атат дейт:
— Айпери, мен сени ушунчалык жакшы көрөм, сенин атыңды үйүмө жазып койгонго даярмын.
— Кандай дейсиң?
— “Сенин атыңды үйүмүн үстүнө чоң кылып жазып койгонго даярмын” дейм.
— Эгер сүйгөнүң чын болсо, анда үйүңдү менин атыма жаздырып кой.
Күйөө керек
Калыгул Бейшекеевден анекдот.
Бир кыз курбуларына чакыруу кагазын жөнөтүп жатат дейт: “Жан курбуларым, кийинки айдын алтысында турмушка чыкканы жатам. Келип, ак тоюма күбө болгула. Эч кандай белектин кереги жок. Бир гана суранычым: мага үйлөнө турган бирөөнү ээрчите келгилечи…”.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ