Menu

Бабанов жана бактылуу Кыргызстан таптакыр коошпогон тараптар

Бөлүшүү:

«Бактылуу Кыргызстан» деген ураанга түшүп, так ушундай өлкөдө жашоо ар бирибиздин самаганыбыз. Мына ушул эңсөөбүздү аткарам деген куру убада менен Бабанов деген эме ажолукка аттанган. Анан эмне болду? Көп улуттуу Кыргызстанды бактылуу кылмак турсун Бабанов улуттар аралык чыр-чатакты тутантууга от таштап туруп баса берди. Ооба, бактылуулук бактыбызга же бул эңсөөбүзгө Бабанов эч качан жеткире алмак эмес. Ток этээри акчадан башка баалулукту билбеген бизнесмен кантип пре­зидент болмок?! Кыргыз элин Кудай чоң сактаптыр. Эгерде Өмүрбек Бабанов президент болгондо өлкөнү бүкүлү бойдон эле пулдап жибермек окшойт. Адахан Мадумаров айтмакчы эсеп-кысап менен жашаган азаматтар, акчадан башка баалуулук жок деген түшүнүк менен жашайт окшобойбу?! Болбосо ошол мамлекетте жашаган элдин пикиринен башка өлкөнүн ажосунун алтын шилекейин артык көрүп, жалпы элдин ишенимине түкүрүп кеткен Бабанов ушу тапта кайда? Эмнеге өз чындыгы үчүн күрөшпөйт. Кара жаны жалпы калктын бактысынан да бийик экенин ушул кадамы менен тастыктап койду го. Коошпогон тараптар көп…

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: