Menu

Акча таман алдында эле жаткан турбайбы?

Бөлүшүү:

Атаганат, тирүү жандын баары эле ава,суу,нандан кийин акчаны ойлоп, тынч уктай албай калышты.  Эгерде акчаң болбосо ачкадан өлүп калышың кеп эмес. Бирөө да сенин курсагыңды өмүр боюу тойгузам деп кепилдик бере албайт. Ошондуктан өлө элегиңде эптеп акча таап оокатыңды кылганың оң.  Бул  (акча) жашоонун маңызы болуп калды дегенибиз туура келет. Ошол кагаздан жасалган акчанын азабынан түрмөгө камалгандар бар экенин кантип танабыз? Керек болсо бирөөнүн үйүндө миллиондогон сом  бар экенин уккан каракчылар түндө тоноого чейин баруудан кайра тартпайт. Кылмыш жолу аркылуу  акчага жетүүгө умтулгандар деле бар. Ушундай мандемдүү “кесипти” аркалап тиричилигин өткөргөндөр жаныбызда эле купшуңдап жүргөнү эмне жалганбы? Рэкет аганын, таганын,бөлөнүн  болорун деле кана кимибиз танууга кудуретибиз жетет?  Демек, ушунун баарына акча башкы себепкер десек жаңылыштык деле болбостур?

Мамлекеттин казынасына түшө турган каражатты эпчилдик менен  өзүнө оодарып алгандарды коррупционер деп атап алдык.  Ал тургай баланча деген шылуундардын схемалары азыр да соолубай иштеп жатат деген кептер элдин кулагына күмүш сырга болуп тагылып калганы ырас. Салыкчылардын, прокуратуралык  кызматкерлердин, бажычылардын, соттордун арааны аңырайып ачылып кеткени боюнча узун сабак сөз болууда. Тилекке каршы  алардын “өктөм өнөрүнө”  бөгөт али толук коюла элек. Арийне, жаңы шыпыргынын шилендисине анча-мынчалары  тушугуп кеткени элдин үмүтүн жандырууда.  Маселен, аэропорттогу көмүскө иштерди  үстүгө чыгарууга кимдир бирөөнүн дарамети жетсе миллиарддаган акчалар өлкөнүн казынасына түшөрүн жакында ошол тармактын аки-чүкүсүн билген киши айтканда оозубуз бир саатка чейин жабылбай турду. Чын эле авиа керосинден, башка буйткалуу иштерден  далай айды чапчыган каражаттар калкып чыкмак экен. А бирок,ошонун гүлүн соргондор  ал   жерди тимеле берип койбосун да эскертти. Ооба, бажынын кичине былыгын ачыкка чыгарышты. Эми кезекти  аэропортко  багытташса  жакшы маселе чечилмек.  Ошондо өз керт башын эмес мамлекетти ойлогон чыныгы мекенчил кадрды  кызматка тартышса пайдалуу болмогун эскерте кетеличи…

Булак: “Ачык сөз”

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: