Menu

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовго ыңгайсыз суроолор: Бизде башка өлкөнүн жарандары деле Жогорку Кеңешке депутат боло береби?

Бөлүшүү:

Акыркы убактарда ушул мырзанын жылдызы өлө жанып атат. Анткени, шайлоо деген Кыргызстандыктардын бүтпөс эрмеги болду го. Бири бүтсө бири башталат. Президентке, Жогорку Кеңешке, Шаардык кеңешке, жергиликтүү кеңешке, айтор толтура кеңештер бар. Мына ушу тапта Абдыжапар Бекматов деген ысым илибой кишинин жанында. Анткени шайлоо деген сөз менен бирге ушул ысым да жатталып бүттү. Мурда шайлоо учурунда негизги маселелерди Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы эле айтчу. Азыр Абдыжапар мырза Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Шайлдабековага «шанс» бербей туру. Бул ким деп атасыңарбы? Бул да «тагдырдын эрке баласы» десек болот. Өмүр таржымалы да түзүк. 1999-2000-жылдары «Алтын-Темир» корпорациясынын аткаруучу директору, 2000-2002-жылдары «Темир» мамлекеттик ишканасында директордун орун басары, 2003-2010 -жылдары «Тешик-Таш» ЖЧКсында директор деген бакыйган, барандуу орундарда олтурган. 2010-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү анан эле ошол жылдан бери «Республика» партиясынан Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурган. 2016-жылдан тарта Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келет. Башта айткандай БШКнын «отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» кыйыны. Баардык маселеден камырдан кылды сууругандай чыгып кетет. Бул кишини кеп кылуубузга бир негиз бар. Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда өткөрүлгөн атайын операциянын учурунда кармалып, тергөө аяктагыча 2 айга камалып турмак болду. Мындай чечимди Алматы шаарынын соту чыгарды. Ал арада Казакстандын Башкы прокуратурасы аткезчилик операциясы боюнча билдирүү таратты. Тагыраагы, 15нен 16-февралга караган түнү Казакстандын 3 областы жана Алмата шаарында күч органдары атайын операцияны ишке ашырган. Натыйжада 35 киши кармалган. Аны Казакстандын Башкы прокуратурасы расмий билдирүүсүндө тастыктады. Алардын ичинен төртөө Кыргызстандын жараны жана алардын катарында Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар. Аны Казакстан тарап так ушул кармалган топтун башчысы, Казак жараны, трансулуттук кылмыш тобунун лидери деп атышат. Ушу .тапка чейин аталган иш боюнча конкреттүү жооп боло элек. Бирок, депутат кармалып олтурат. А депутатка мандатты ким берет? Албетте Борбордук шайлоо комиссиясы берет эмеспи. Ал эми БШКны ким «бышып» атат ушу тапта? Абдыжапар Бегматов деген «звезда». Мына ушул кишиге собол узатууну туура таптык.

—Аббыжапар мырза, неге БШК тууралуу көтөрүлгөн соболдордо сиз гана негизги маселелерге жооп узатасыз? Анан дa БШК Бегматовдун жана Шайлдабекованын командасы дeп экиге бөлүнгөнү бар дешет. Аныкпы? Эми ток этээри, Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны делинип, паспорту дa чыгууда. Бизде башка өлкөнүн жарандары деле Жогорку Кеңешке депутат боло береби? Мына ушул маселени неге кылдат текшерүүгө алган эмессиздер? Же бармак басты, көз кысты болду беле?Анда баасы канчага турган? Дегеним, парламенттик мамлекет болгон соң бир эле кыргыз коомчулугу эмес дүйнө коомчулугу дагы ар бир эл өкүлүн дыкат карап турат. Ошондуктан мындай көрүнүш намыска тиерин ойлойсуздарбы?

Каныбек Кадыралиев

Булак: Де-Факто

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: