Menu

Бензин дагы кымбаттайт

Бөлүшүү:

Күйүүчү майга болгон баа ушул айдын соңуна чейин 10%га кымбаттайт. Бул тууралуу мунай ташуучулар бирикмесинен билдиришти.

Маалым болгондой, кымбаттоо Москвадагы күйүүчү май чыгарган ири завода ремонттоо иштерине башталганына байланыштуу. Буга эл тарабынан нааразычылыктар жаралууда. Декабрь айынын башында эле күйүүчү майга болгон баа 3%га жогорулаган эле.

Маалыматка Караганда, кара майдын чекене баасынын кымбатташы нефть азыктар рыногундагы дүң баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу болууда. Тактап айтканда, күйүүчү майдын баасы жеткирип берүү акысын кошкондо ноябрь айына салыштырмалуу декабрда 10 пайызга көтөрүлгөн эле.

Кыргызстанда өндүргөн май өзүн өзү камсыздай албайт. Ошондуктан Орусиядан гана ташып келишет. Ал эми башка өлкөлөрдөн алып келишпейт. Мисалы, Ирандан ташып келүүгө чыгым көп болуп, бензиндин баасы кымбат болоорун айтып келишкен. Ошентип орусиялык компаниялар монополия кылып алышкан. Кыргызстанга келген бензин Тажикстанга жең ичинен сатылып жатканы боюнча коомчулукта нааразычылыктар айтылганы менен бийликтен аны токтотууга же андай факт жок экенин далилдей элек.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: