Нурлан Мотуев көлдүк бир таанышы менен санжыра тууралуу сүйлөшүп жатыптыр. Экөө өздөрүнүн жеринен чыккан баатырлардын эрдигин бир сыйра талкуулагандан кийин кезек элге белгилүү акелерге келген кезде көлдүк киши:
—Көлдөн көп эле акелер чыккан. Алардын бирөөсү Мойт аке. А силерденчи?-деп Нурландан жооп күтүп калат.
Анда кайран Нурлан эмне деп жооп берээрин билбей бир аз ойлонуп:
-Мойт аке дейсиңби?.. А биздин айылдан “фойт” аке деген чыккан,-деп коёт дейт өзү жакшы тааныган катынпоз кишини эстей коюп.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ