Menu

Депутат Исхак Масалиев: «Бишкек ЖЭБи жалаӊ ата-балалар, ага-инилер, жек-жааттар иштеген энергетикалык үй-бүлөлүк кланга айланып калыптыр»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өтүп жатат. Жыйынга комиссия мүчөлөрүнөн тышкары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышууда.

Депутаттык комиссиянын Улан Примов комиссиянын карамагына бир топ кошумча маалыматтар келип түшкөнүн, ошондон улам аларды суроо-жооп таризинде тактоо зарылдыгын белгиледи. «Комиссия мүчөлөрү Кытай тарабынан Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборун реконструкциялоо долбоорунун алкагында берилген гранттык каражаттын эсебинен Бишкек шаарында курулган мектептин абалы менен жеринен таанышууну чечти. 2 млн доллар каражаттын кайда жана кантип жумшалганын билишибиз керек», – деди ал.

Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаевдин, Бишкек ЖЭБин молернизациялоо долбоорун башкаруу тобунун аткаруучу директору Темилан Биримкуловдун, «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаевдин авариянын болуу себептери жаатындагы маалыматтары бири-бирине дал келбей жатканына канааттанбаган бир катар депутаттар кытайдын насыя каражатына курулган жаӊы блоктордун химиялык цехинин абалына кызыкты.

Бишкек ЖЭБин молернизациялоо долбоорун башкаруу тобунун аткаруучу директору Темилан Биримкуловдун айтымында, химиялык цехти куруу чечими өткөн жылдын июль айында кабыл алынып, ал үчүн 4 млн доллардан ашык каражат каралган. Азыр орду такталган, жабдуулары келе баштады, курулуш быйыл июль айында аяктоого тийиш.

Депутат Исхак Масалиев Бишкек ЖЭБи жалаӊ ата-балалар, ага-инилер, жек-жааттар иштеген энергетикалык үй-бүлөлүк кланга айланып калганын белгилеп, ага курамы 7 адамдан турган Бишкек ЖЭБин молернизациялоо долбоорун башкаруу тобунда иштеп жаткан ата-бала Биримкуловдорду мисал тартты. «Мында кызыктай жагдай түзүлүп калыптыр. Ата-бала бир топто иштейт. ЖЭБдин директорунун агасы цехтин башчысы болуп иштейт. Дагы бирөөнүн келини иштейт. Уят эмеспи. Канчалык мыкты адистер болсо дагы, кимиси иштер-иштебесин өз ара чечишип алышпайбы», – деп, кызматкерлердин толук тизмесин берүүнү талап кылды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына 12 депутат кирген: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП фракциясынан), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика – Ата Журт» фракциясынан), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан» фракциясынан), Исхак Масалиев («Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол» фракциясынан), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»фракциясынан).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: