Шайлоо учурунда партиялардын тизмеси талапкерлердин берген акчасына карата түзүлөт. Мындай ойду 14-мартта шайлоо маселесине арналган тегерек үстөлдө «Аалам» партиясынын теңтөрайымы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова билдирди. Анын айтымында, шайлоонун алдындагы үгүт иштеринде жер-жерлерде көрнөк-жарнактар илинбеши керек. «Акчалуулардын жарнактары жайнап, акчага добуш сатып алып элдин да ыйманын бузуп жатат. Жеке акча ойногондо, албетте, базаркомдор, жеке ишкерлер, байлар өзүнүн чөнтөгүндөгү акчаны элге берип, кийин бийликке келгенде кайра чогултуп алышат экен. Саясатты саясатчылар, жеке ишкерлер соодасын кылыш керек. Мисалы, лидер партиялар ар бир орунду сатышат. 60-орундан 1 -орунга жылыш үчүн 20 миң доллардан миллион долларга чейин беришет. Биз аны көрдүк, бул чындык» дейт Жолдошова.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ