Menu

Өзбек өкмөтү соттун чечимисиз сайттарга бөгөт коюу укугуна ээ болду

Бөлүшүү:

Өзбекстан өкмөтү тыюу салынган маалыматтарды камтыган сайттарга чектөө киргизүү тартиптерин бекиткен документти кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы Telegram-каналы аркылуу билдирди.

Маалыматка караганда, жакында өлкөдө атайын реестр түзүлүп, ага кирген сайттар менен блокторго бөгөт коюлат.

Сайтка бөгөт коюуга конституциялык түзүлүштү жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузуу чакырыктары, согуш, зомбулук, терроризм, экстремизм жана сепаратизм идеяларын жайылтуу, мамлекеттик сыр болгон жана мыйзам менен корголгон маалыматтарды ачыкка чыгаруу, диний жана этникалык кастыкты козутуу, порнографиялык жана маңзатын пропагандалоо негиз болот.

«Массалык маалымат каражаттары тууралуу» мыйзамга ылайык, Өзбекстан аймагындагы ЖМКлардын ишмердүүлүгү соттун чечими менен гана токтотулат. Мындай жаңы чектөөлөр өлкөдө диний темада жазган бир нече блогер кармалгандан кийин киргизилүүдө.

Акыркы бир нече жылдан бери Өзбекстанда бийликти сындаган басылмалардын, анын ичинде «Азаттык» жана «Би-би-си» радиолорунун өзбек кызматтарынын, ошондой эле «Америка үнү» радиосунун сайттарына бөгөт коюлган. Ошол эле маалда Өзбекстанда тыюу салынган сайттардын расмий тизмеси эч качан болгон эмес.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: