Чет өлкөдө окуган түркмөнстандык студенттер ар бир сессиядан кийин өлкөсүнө кайтып келүүгө мажбур болушууда.
“Жергиликтүү полиция кызматкери үйгө чалып, сессия бүтөр замат келүүмдү талап кылды. Эгер сессия бүткөн соң 1-2 күндөн ашык кечигип келсем, мага карата чара көрүлөрүн эскертти”,- деди студенттердин бири.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Түркмөнстандын Миграция кызматы студенттер үчүн чет өлкөдө жүрүү мөөнөтүн 9 айга чейин чектөөнү кароодо.
Былтыр жазында түркмөн бийлиги чет өлкөдө окуп жана иштеп жүргөн жарандары тууралуу маалымат топтоп жатканы кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ