Өткөн жумада ордо калаабыздын чок ортосунда «Сатылган соттор кетсин!», «Коррупцияга жол жок!», «Кыргызстанда чынчыл соттор кайра келсин!» деген ураан менен жаштар, жарандык активисттер, соттон жабыркаган карапайым эл, анын ичинде «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү, Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар президентти колдоп, коррупция менен күрөшүүдө аны менен бирге экендигин билдиришкен болчу. Аталган митингде «Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева, башкы прокурор Индира Жолдубаева ж.б. кетсин!» деген плакат жазууларды көтөрүп, алардын иштен кетүүсүн талап кылып, митингдин катышуучулары президенттин саясатын колдошорун билдирүү менен ажого кайрылуу жолдоп, 7-апрелге чейин мөөнөт берип, Акүйдүн алдынан тарап кетишкенине күбө болгонбуз.
– Адилеттүү соттордун негизги куралы – жыгач балка жана алдындагы тактайчасы. Аны сот залындагы тартип бузуп аткандар үчүн колдонот. Мен бүгүн колума балка менен тактайчаны атайын тартип бузуп, мыйзамды тебелеп аткан, күнөөсү жокторду камап аткан сотторго каршы апкелип «адилетсиз чечим чыгарганды, жөн жерден куугунтуктоону токтоткула!» деп уруп атам. Бүгүн 5-март соттордун күнү. Аттиң, эгер биздин соттор адилеттүү болуп, мыйзамдын чегинде иш алпарып, элдин терең ишенимине кирип, сый-урматта жүргөн болсо, мобу балканын ордуна гүл апкелип кызуу куттуктамакмын. Азырынча андай болбой атат.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ