“Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Орто Азия өлкө башчыларынын жолугушуусу аймактагы элдердин Орусия жана Кытай сыяктуу башка үлкөн мамлекеттер менен карым-катышына таасирин тийгизбейт” деп билдирди.
Астанада өтүп жаткан Орто Азия өлкө башчыларынын кездешүүсүндө сөз сүйлөгөн Назарбаев 2017-жылы Казакстандын аймактагы ар бир мамлекет менен экспорт көлөм 35 пайызга өскөнүн белгиледи. Ал мурун мындай көрсөткүч болбогонун кошумчалады. Анын айтымында, аймактагы чек араларда жаңы текшерүү жана өткөрүү бекеттери ачылып, транспорттук байланыш жөнгө салына баштады.
“Арийне, биз бул жерде Борбор Азия жана Казакстан менен токтоп калабыз дебейм. Биздин Кытай жана Орусия сыяктуу үлкөн кошуналарыбыз бар. Алар менен тыгыз байланыштабыз. Биз ынтымакка негизделген мамилени уланткыбыз келет”, – деди Назарбаев.
Казакстан президенти сөзүнүн соңунда Орусиядагы президенттик шайлоонун жакшы өтүшүн кааларын жана Орусия президенти Владимир Путинге ийгилик тилей турганын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ